Күн тартиби - 51

Терроризм мамлекет жана укук

874234
Күн тартиби  - 51

Мамлекет түшүнүгү Платондон бери төмөнкүчө аныкталган :

«Жеринин бүтүндүгүнө караштуу болуп саясий жактан уюмдашкан улут же улуттар коому түзгөн  жерге мамлекет деп айтылат».

Саясий жактан уюмдашуу, белгилүү эрежелер жана мыйзамдардын негизинде түзүлөт. Бул эрежелер мезгили менен  мыйзам жана укук деген аттын астында кайрадан жаңыланды.

Батыштыктар мыйзамдардын укукка айлантууну 1215 -  жылы кол коюлган Магна Карта келишими менен башташты.

Мусулман коомдор болсо Мадина келишими же башка кенен колдонуу менен Мадина документине таяндырышты.

Ислам пайгамбарынын меккеликтердин зулумчулугуна чыдабастан өзүнө ыйман кылгандар менен бирге Меккеден Мадинага жасаган Хижраттан кийин жеке өздөрү  тарабынан 623 – жылы  түзүлгөн. Келишим Азырети Мухаммед жана мусулмандары, еврейлер менен пагандарды да камтыган ал күнгө чейин жасалган эң кенен адам укуктары документи.

Эң көп эки уруу Евс жана Хазреждин ортосундагы кагылышууларды акырына чыгарууну максат кылган беренелерди камтыганына карабастан негизги максаты адамдардын жеке жана коом катары укук жана эркиндиктеринин кепилдикке алынышы болгон.  Өзгөчө чачыранды болгон уруулардын үммөт  башкача айтканда мамлекет деген аттын астында бир гана коом катары чогулушун жана баарынын бири бирине каршы өз өзүнчө жоопкерчиликтеринин бөлүштүрүлүшү жактан адамзаттык мурасынын алгачкы эң кенен Эркиндик билдирүүсү.

Мадина келишими үммөт аң сезимин, коомдук колдошуу, саясий биримдик, орток коргонуу жана конферативдик түзүлүштү сунуш кылышы жактан да өзүнчө көңүл бураарлык  тарыхый, саясий жана укуктук текст.

Негизинен чыгыш жана батышта адамдын жашоо үчүн күрөшү, бардык эгемендиктердин, диктаторлордун  жана зулумчулук кылган башкарууларга карабастан адилеттүү дүйнө утопиясы согушу. Мамлекет эркинин өнүгүшү, улут аң – сезиминин жайылышы менен бирге адилеттик түшүнүгү дүйнөлүк баалуулукка ээ болуп «эл аралык укук» мекемесинин пайда болушуна мүмкүнчүлүк түздү. Ар бир мезгилде дээрлик бардык мамлекеттер, караштуу болгон эл аралык укук эрежелерине шайкеш келүүнү убада кылышкан.

Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштары адамдарды бир дүйнөлүк мекеме жана жаңы бир укуктук эреженин тегерегинде чогулууга мажбур кылды. Адам баласы эл аралык укук жана ал укукту коргой турган мекеменин жоктугунан улам эки согушта тең он миллиондогон өлүү жана жүз миллиондон ашуун жаралуу болду. Бул мажбурдуулук 1945 -  жылы 25 -  октябрда АКШнын Сан Франсиско шаарында БУУ аттуу эл аралык бир уюмдун курулушуна себеп болду. Дүйнөлүк тынчтыктын коопсуздугун коргоо жана эл аралык экономикалык, коомдук жана маданий кызматташтыкты түзүү үчүн курулган бул уюмга эки согуштун берген жоготуусунан улам бардык өлкөлөр дароо кошулду. БУУму өзгөчө суук согуш мезгилинде адамзатка олуттуу мааниде салым кошту. 1960 -  жылдардан бери  жеке адамдардын эле эмес, мамлекеттердин да эл аралык укуктарын коргой албай турган абалга келди. Башта Ялта келишими жана уландысы болуу менен Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин курулган бардык эл аралык мекемелер  бүгүн адамдарга салым кошкондон дагы көп жүк болууда. Өзгөчө күчтүү мамлекеттер, бул мекемелерди күчсүз же кичине мамлекеттерге каршы бир таяк катары колдонууда. Мисалы АКШ Иракта атомдук курал бар деген негиз менен бул өлкөнү басып алды. Бир миллиондон ашуун кишинин өлүмүнө, он миллиондон ашуун кишинин качкын болушуна себеп болду. Акырында  Иракта атомдк куралдын жок экендигин моюнга алды. Бүгүн болсо эч бир эл аралык мекеменин АКШны күнөөлөй турган күчү жок.

Акыркы чейрек кылымдагы АКШ президенттеринин баары Афганстан, Палестина, Сирия сыяктуу өлкөлөрдө миллиондогон кишинин өлүмүнө себеп болгон согуштарды, кагылышууларды башташты. Бирок эч бир АКШ президент эл аралык Адилеттик кеңешинде тергөөгө да алынган жок, соттолгон да жок.

Ошондой эле Израиль мамлекети да 1960 -  жылдардан бери БУУнун эч бир чечимин тааныбай жатат. Курулган күндөн бери коңшуларынын жерлерин басып алган Израиль Палестинанын да калган акыркы бир карыш жерин басып алып жатат.

Эл аралык укукта бардык кагылышуулар тууралуу негиз белгилүү. Мыйзамдар так жана эл аралык укукта бир принцип бар. Согуш жолу менен жер алынбайт. Бирок Израиль курулган күндөн бери согуш жолу менен жерлерди басып алууда. Мисалы Голан дөңсөөлөрүн 1967 -  жылы куралдын күчү менен басып алды. Эл аралык укук боюнча бул жерлерди дароо тапшырышы керек эле. Бир топ батыштык өлкөдөн расмий болбогон жана АКШнын ачык колдоосунан улам 50 жылдан бери басып алган жерден чыкпай жатат. Мыйзам жолу менен да чыгуу ниети жок.

Израиль кагылышуу болгон жана жерлерин басып алган Палестина менен да эл аралык укук эрежелеринин негизинде  столго отурушу керек. Бирок Израиль столго отуруунун ордуна Палестина жана Палестина мамлекетин танып жатат. Бул тануусун да БУУнун  трибунасында , эл аралык платформаларда  кылып жатат. Бүгүн АКШ жана күч борборлору өздөрү курган эл аралык укуктук тартипти өздөрү кулатып жатат. Андан да коркунучтуусу : дүйнөнүн хаоско жетеленишинде дагы көп пайда тапкан күч борборлору бул багытта саясат жүргүзгөндө зулумчулукту, АКШ жана Израиль сыяктуу мамлекеттер да «адилеттик» жана «дүйнөлүк укук» деп үн катканда  алардын үнүн угуп аракетке өтө турган күчтө бир эреже калбайт.



Тектеш кабарлар