Күн тартибине сереп салуу - 49

Чоң жыйырмалыктар саммити жана мураскер принц Мухаммед Бин Селман.

1103578
Күн тартибине сереп салуу  - 49

 

 Аргентинада өткөрүлгөн чоң жыйырмалыктар саммитинде дүйнө лидерлери жолугушту жана жогорку деңгээлде жолугушуулар өткөрүлдү. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр алдыга чыккан саммитте АКШ жана Кытайдын ортосундагы экономикалык согуш жана Стамбулдагы Саудия консулдугунда киши колдуу болгон Кашыкчынын өлүм буйругун берүү менен шектенилген Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед Бин Селмандын абалы негизги маселелердин арасында орун алды.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөчүлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу баа берүүсү.

Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда иштелген Кашыкчы кылмышынан кийин түрк мекемелеринин ийгиликтүү тергөөсү жана дүйнөлүк коомчулуктун кысымынан кийин Сауд Арабия мекемелери кылмышты кабыл алууга мажбур болду. «Washington Post» гезитинин жазуучусу Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшү менен күнөөлөнгөн кишилердин Саудия юстициясы тарабынан соттолуу процессинин башталышына карабастан өлүм буйругунун ким тарабынан берилгендиги тергөөгө алынууда. Саудия тарабы окуяны кээ бир жетекчилердин шалакылыгы деп таанытса да октор Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед Бин Селманды көрсөтүүдө. Акыйкаттан да ЦРУ жүргүзгөн теригөөдө Мухаммед Бин Селмандын кылмыштын артындагы киши экендиги боюнча маалымат басма сөзгө билдирген болчу. Бул бардык процесс улантылып, Сауд Арабиянын мураскер принци оболу араб өлкөлөрүнө зыяратка барып, андан кийин Аргентинадагы чоң жыйырмалыктардын саммитине катышты. Араб дүйнөсүндөгү эмирлер менен королдорду зыярат кылган Мухаммед Бин Селман акыркы болуп демократия менен башкарылган Туниске барды жана элдин каршы чыгышына себеп болду. Мухаммед Бин Селмандын Тунис сапары араптар тарабынан эң оор түрдө каршы чыгуулар болуп, мураскер принцти Кашыкчы кылмышынан жооптуу деген плакаттар көңүлдөрдү бурду.

Тунис сапарынан кийин чоң жыйырмалык саммитине катышкан Мухаммед Бин Селман Аргентинада Саудия элчилигинде калууну тандады. Аргентинада мураскер принцке каршы Кашыкчы кылмышы тууралуу күнөөлөнүүсү керектиги жана Аргентина сотунун доону кабыл алышы  көңүлдөрдү бурууда. Мухаммед Бин Селмандын чоң жыйырмалыктар саммитине катышуусунун негизинде бир топ дүйнө лидери мураскер принц менен бир жерде орун албаганга көңүл бурган. Эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн Мухаммед Бин Селман Франциянын президенти Макрон тарабынан камералар алдында урушкан сыяктуу болуп сынга алды. Бир тараптан Орусиянын президенти Путин Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед Бин Селман менен жакын мамилени көрсөттү.

Чоң жыйырмалык саммити бүткөндөн кийин Кашыкчы кылмышы жана Мухаммед Бин Селман тууралуу АКШда маанилүү бир абал ортого чыкты. ЦРУ Американын кээ бир алдыңкы сенат мүчөлөрүнө Кашыкчы кылмышы тууралуу атайын брифинг берди. Басма сөзгө жабык өткөн брифингден киийн камералардын алдына өткөн сенатор Коркер менен сенатор Грэма Кашыкчы кылмышынан Мухаммед Бин Селман жооптуу болгон жерде эч бир тынчсызданууларынын жок экендигин айтышкан. Өзгөчө түрк соту чыгарган акыркы чечим менен Мухаммед Бин Селмандын эң жакын чөйрөсүндөгү эки киши тууралуу камоо чечиминин чыгарылышы, Мухаммед Бин Селман үчүн чамбардын барган сайын тарайып бара жаткандыгын көрсөтүүдө.

Чоң жыйырмалыктар саммитинин башка негизги маселеси болсо АКШ жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда болуп келе жаткан экономикалык согуш болду. АКШнын Кытай менен жүргүзгөн соодада чоң бир экспорт -  импорт тең салмаксыздыгынын болушу Америка башкаруусунун тынчын алып жана АКШнын президенти Трамп структуралык өзгөрүүгө баруунун ордуна Кытайга каршы жаза санкцияларына чечим чыгарган. АКШнын президенти чечим чыгарган жаза санкцияларына жооп катары Кытайдын да Америка товарларына карата санкция салуусу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык согушту расмийлештирген. Абдан чоң сандар менен өсүүгө жетишкен Кытай экономикасы АКШнын дүйнөдөгү абалын коркунучка салган бир абалга келиши ушул боюнча  маанилүү. Өзгөчө бир топ Америка фирмасынын өндүрүштү Кытайга жылдырышы эки өлкөнүн ортосундагы конкуренцияны күчтөндүрдү.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу баа берүүсү.



Тектеш кабарлар