Күн тартиби - 33

Германия саясаты өзгөрүп баратабы?

789791
Күн тартиби  - 33

Түркиянын тарыхый союздашы катары көрүлгөн Германиянын акыркы жылдарда Түркиянын көз карандысыз экономикасы жана социалдык саясаттарына каршы суук согуш мезгилинен кем  калбаган  пропагандасы менен кол салышы дүйнөлүк саясий чөйрөлөрдү таң калтырууда. Оңчул, солчул, Жашылдар же Христиан демократтар болсун акыркы бир жылда бардык немис саясатчыларынын Түркия республикасынын президенти Эрдоганга жана мамлекетке карата кара пропаганда  менен  толугу менен каршы үгүткө айланды. Түрктөрдүн союздашы болгону үчүн императорлугунан баш тартууга мажбур болгон Германиянын азыркы күндөгү башкаруучулары террордук уюмдарга көрсөткөн сыйды президент Эрдоган жана анын өлкөсүнө көрсөтпөй жатат. Курулган күндөн бери 50 миңден ашуун түрк бала, аял, кары – картаң, жаран жана мамлекеттик кызматкерлерин өлтүргөн ПКК террордук уюмунун лидерлеринин Германиянын бир топ шаарларында пропаганда жүргүзүшүнө уруксат берип, түрк мамлекетинин жетекчилерине тыюу салууда. Болгондо да бардык дипломатиялык эрежелерди жокко чыгаруу менен.

2016 -  жылы 15 -  июль күнү түрк мамлекетин жана мыйзамдуу башкаруусун куралдын күчү менен жок кылууга аракет кылган ФЕТӨ террордук уюмдун мүчөлөрүнө кучак ачты. Ал террористтер немистер менен НАТО жана бир топ эл аралык аскердик операцияларда бирдикте кызмат кылган аскерлерди өлтүрүштү. Ал түгүл баарын өлтүрүүгө аракет кылышты. Германия бүгүн ФЕТӨчү террористтерге кучак ачкан бир гана өлкө болду.

ПКК террористтери да өлтүргөн миңдеген кишинин арасында ошол эле учурда БУУ жана НАТОнун чатыры астында немистер менен бирге күрөшкөн түрк аскери менен полициясынын бар экендигин айта турган болсок абалды дагы түшүнүүгө болот. Философияда, музыкада, архитектурада, демократияда, социологияда дүйнөдө өзүнчө бир мектеп болгон Германиянын канцлери Меркель бийлиги менен бирге жетерсиз жана жалганчылыкты саясат деп санаган, союздашына кыянаттык кыла турган ондогон кадамды таштоосу таң калтырат. Хельмут Плеснер, Фердинанд Лассаль, Зиммель, Моисей Хесс, Макс Вебер, Фромм, Эрнст Кассирер, Роза Люссельбург, Фрейдрих Шиллер, Гете, Ницше, Маркс, Гегель, Фойербах, Энгельс сыяктуу батыш философиясынын негизги ысымдары Германиядан чыкпагандай. Азыркы күндөгү Германияга карай турган болсок бул ойчулдар, Бетховен, Бах, Бартольди, Гендель, Клара Шуман, Моцарт сыяктуу классикалык музыканын дөө  - шаалары бул жерге таандык эмес деп ойлойсуз.

Социал демократия оюнун борбору - немис мектеби.

Вилли Брандт, оңчул Хельмут Коль, социал-демократ Герхард Шредер азыр да дүйнө саясатында аттары урмат – сый менен аталган немис саясатчылары.

Аскердик өнөрүнө келсек, илхандыктар жана түрктөрдөн кийин согуш майдандарында өлүмсүздөшкөн немис аскердик мектебинен ондогон ысым бар. Немистердеги буржуазия түрктөр, кытайлыктар, англистер жана орустарда болгондой эле дүйнөнүн эң эски салтына ээ.

Андай болсо ушунчалык тажрыйбага ээ болгон Германия эмне себептен бүгүн эл аралык саясаты жана түшүнүгү менен теги жок, негизисз  бир мамлекет сыяктуу мамиле кылып жатат. Азыркы учурдагы немис саясатынын демократия, эл аралык келишимдер жана адам укуктарын тебелеген бул түшүнүгүнүн тегине карап чыгуу керек деп ойлоймун. Хельмут Коль тарабынан эки Германия биригип, базар экономикасы тармагында көп тажрыйбасы болбогон чыгыш германиялыктар ылдам мамлекет жана саясат  тармагында орун ала баштады. Белгилүү болгондой коммунисттик билим берүү системасы «класска бөлүнбөгөн коомду» максат кылганы үчүн коомдордун тарыхый жана социо  - маданий байланыштарын үзөт. Максат кылынган коммунист инсан тарыхый, социологиялык жана руханий баалуулуктары менен байланышын үзүп, толугу менен «коммунисттик акыл жана диалектикалык» борбордук жактан ойлонуп, өндүргөн киши катары долбоорлонду. Маркс класска бөлүнбөгөн коомду кыялданып,  бир класска таандык болбогон адамды да «люмпен» деп аныктап жаткан.

Марксизмди негиз кылып алган коммунисттик билим берүү системасы адамдардын арасында айырмачылыкты жок кылам деп, эч бир теги болбогон адам прототибин пайда кылды. Маркс сөз кылган «люмпен киши».

Чыгыш Германиянын батыш менен биригишинен кийин жаңы мамлекеттин ар бир катмарына «коммунисттик билим алгандар» жайгашты. Немис мамлекет толугу менен кабык алмаштырды. Эсте болсо керек канцлер Меркелден мурда премьер – министрдик орундугунда Шройдер отурган. Немис мамлекетинин ал мезгилдеги кадыр – баркы жана мамлекеттик түшүнүгү менен бүгүнкүнү салыштыра турган болсок ортодогу айырмачылыкты так көрүүгө болот. Немис саясатынын ушул себептен аксоосу жана эски Гермен мамлекеттик салтынын жок болушунун негизги себептеринин бирөөсү бул люмпендештирүү. Бир гана канцлер Меркель жана партиясында эмес, башка бардык немис саясий партияларында ушуга окшогон абал бар. Себеби Чыгыш Германиядагы «тексиз адам» модели менен 70 – 80 -  жылдарда батышта жорткон солчул маданияты менен жетилгендер бүгүн сөз ээси болуп жатат. Батышта солчулдардын таасири менен жетилгендер солчул террористтердин бардык бомба жана куралдар менен адамдарды өлтүрүшүнө «төңкөрүшчүл күч» деп айтышпадыбы көптөгөн жылдар. Адамды өлтүрүүнү мыйзамдаштыруу аракетинен келгендер тилекке каршы бүгүн бардык саясий иш чараларда орун алып, немис мамлекетинин жана коомунун акылын башкарууга аракет кылууда. Дициплинасы, катуу эрежелери менен белгилүү немис мамлекетин эптемей бир мамлекетке айландырышты.  Немис коому эртерээк бул люмпендерден кутулуунун жолун изидеши керек.



Тектеш кабарлар