Күн тартиби - 21

“Бир алкак -  бир жол» аттуу заманбап  Жибек Жолу проектиси.

740139
Күн тартиби - 21

2013 -  жылы Кытай лидери Си Циньпин тарабынан ортого салынган “Бир алкак -  бир жол» аттуу заманбап  Жибек Жолу проектиси Азия, Европа жана Африка континенттерин ичине камтыган чоң  транспорт  желесин жана экономикалык демилгенин өкүлү болууда. Чоң инвестицияларды ичине камтыган жана дагы кенен масштабдуу инвестицияларды максат кылган бул проекти Кытайдын кургактык жана деңизден батышка жасаган экономикалык кадамы катары көрүүгө болот. Заманбап Жибек Жолу проектисинин эки башка жол аркылуу турмушка ашырылышы пландалууда. Курулушу ойлонулган  жолдордон биринчиси Кытай, Орто Азия, Орусия жана Европаны кургактыктан бири бирине байланыштыра турган «Жибек Жолу экономикалык алкагы» жолу. Экинчи жол болсо Кытайды Инд океаны аркылуу Перс булуңу жана Жер Ортолук деңизине  байланыштыра турган «Деңиз Жибек Жолу» .

Глобалдык экономиканын тең салмактуулугуна багыт бере турган бул проекти менен багыт катары белгиленген өлкөлөрдө соода жана инвестициялар жанданат. Айрыкча проекти менен бирдикте бул өлкөлөргө жасала турган капитал инвестициялары, экономикалык өнүгүү жана бейкуттуктун артышын да бирдикте алып келет.  Заманбап Жибек Жолу проектиси багытындагы 65 өлкөнү жол, порт, темир жолу жана аэропорттор менен бири бирине байланышы, аймактагы соода агымын ылдамдатуу менен бул өлкөлөрдүн арасында түздөн түз бир соода желесин пайда кылат. Проектинин кургактык багытындагы Түркия болсо Кытайдан Европага созулган бул багыттын ортоңку коридор бөлүмүндө орун алган. Заманбап Жибек Жолу проектисинин негизинде турмушка аша турган бир топ базис, транспорт жана энергетика инвестицияларына ээ болгон географиялык абалы менен Түркия орчундуу жерде орун алган.

Пекинден Лондонго чейин барышы максат кылынган темир жол проектисинин негизинде Түркияда ишке ашкан түрдүү инвестиция өнөктөштүктөрү мунун эң так мисалдарынан. 2013 -  жылы ишке өткөн Мармарай, 2016 -  жылы бүткөн Явуз Султан Селим көпүрөсү жана курулушу улантылып жаткан Баку  - Тбилиси – Карс темир жолу проектилери Түркиянын Заманбап Жибек Жолуна интеграциялуу түрдө кыймыл кылышынын көрсөткүчү. Бул проектиде алдыңкы планга чыккан башка бир маанилүү маселе энергетика соодасы. Түркия азыркы учурда иши улантылып жаткан ТАНАП жана курулушу пландалган Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу проектиси менен аймакта маанилүү бир позицияга ээ.

Азия жана Европанын ортосундагы энергетика соодасында борбор болгон Түркия чыгыш – батыш багыттуу энергия агымы менен Заманбап Жибек Жолуна кошо турган салымын сунуштайт.

Заманбап Жибек Жолу проектисинин таанытылышы 14 – 15 -  май күндөрү Пекинде президент Эрдоган да катышкан саммитте өткөрүлдү. Бул саммитте дүйнөнүн эң чоң экинчи экономикасы болгон Кытай менен белгилүү темаларда макулдашуу түзүлүп, үч башка келишимге кол коюлду. Самитте Кытай менен жүргүзүлө турган эки тараптуу карым – катнаштарда жаңы бир мезгилдин каалгаларынын ачылары белгиленди. Жылда 2 триллион долларды ашкан экспорт көлөмүнө ээ болгон Кытай 2016 – жылы Түркияга 25 миллиард доллар экспорт ишке ашырып Түркиядан 2, 3 миллиард долларлык импорт жасалган. Тең салмактуу соода көлөмү болбогон эки тараптуу карым – катнаштардын Түркиянын пайдасына өнүгүшүндө Заманбап Жибек Жолу проектиси дагы бир жолу мааниге ээ болууда.

Түркияда  бир бөлүгү болгон Заманбап Жибек жолу проектиси ишке аша турган болсо дүйнө экономикасынын динамикаларын аракетке өткөрүшү күтүлүүдө. Кытайдын аймактагы бул активдүү ролу жана коридор өлкөлөр менен бир бирден түзгөн келишимдердин натыйжасында тарыхый Жибек Жолу кайрадан жанданат жана дүйнө соодасынын агымы чыгыш – батыш тараптуу болуп ишке ашат.



Тектеш кабарлар