16 -  апрель : түрк демократиясы үчүн тарыхый бир күн

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын DailySabah гезитинде жарыяланган 2017 – жыл 19 -  апрелдеги макаласы.

721144
16 -  апрель : түрк демократиясы үчүн тарыхый бир күн

 

Тарыхый 16 -  апрель күнү Түркиянын өлкө ичи жана аймактык маселелерди  карап жатканда кенен маалыматка  ээ болуу үчүн керек болгон чөйрөнү даярдай турган жана өлкөнүн демократиялык маданиятынын күчтөнүшүнө жардамчы болот.

16 -  апрель күнү миллиондогон түрк жараны парламентардык системанын ордуна президенттик өкмөт системасынын келишин да камтыган конститцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш беришти. 86 пайыздык катышуу болгон референдум ошол эле учурда рекорддук сан болуу менен бирге түрк демократиясынын канчалык күчтүү экендигин көрсөтүп, шайлоочулардын 51, 4 пайызы өзгөртүүлөрдү колдоп «кабыл» добуш берди. Ушундайча Түркиянын заманбап саясий тарыхында жаңы бир барак ачылды.

Референдум ачыкка чыгарган бир канча маанилүү жыйынтык бар.

Баарыдан мурда 16 -  апрелдеги референдум түрк демократиясы тарыхында бир бурулуш жер болду. Тарыхта биринчи жолу өлкөнүн кайсы система менен башкарыларына козголоңчулар эмес түрк калкы чечим чыгарды. 1960 – жылы болгон аскердик козголоң менен Түркиянын демократиялык жол менен шайланган өкмөтүн кулатып, президенттик мекеменин саясий партиялар менен байланышы үзүлүп, күчсүз коалиция өкмөтүн ортого чыгарууну максат кылган кемчиликтүү парламентардык системаны курган. Бул түзөтүү шайлангандардын аскердик козголоңчу режиминен дагы күчсүз болушун гарантияга алуу менен козголоңчулардын саясатты белгилешине, өкмөттөрдүн арызын берүүсүнө кысым жасоосуна же  шайлангандарды кулатууга мүмкүнчүлүк берип жаткан. Түркия 2002 -  жылдан бери президент Р. Т. Эрдогандын лидерлигинде саясий ырааттуулукка жетишкен болсо да өлкөнүн келечекте ийгиликсиз коалиция өкмөттөрү тарабынан башкарылуу риски ар дайым болуп келди. Түрк калкы жекшеми 16 -  апрель күнү конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алып, өлкөнүн келечектеги ырааттуулугун гарантияга алды.

Түрк калкы 2019 -  жылы да шайлоого барганда түздөн түз элдин жоопкерчилигин алган жаңы президенти менен жаңы парламентти шайлайт. Шайлана турган президент өлкөнү башкаруу үчүн шайлоочунун көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун алууга мажбур. Жаңы системада парламенттин  иш алып баруусун да баш ийдире турган мыйзамдарды чыгаруу, президент тууралуу териштирүү ачуу жана ал түгүл аны кызматтан алуу сыяктуу кенен жоопкерчилиги болот. Күчтүү бир тең салмактуулук жана текшерүү механизми болгон бул системада президент жана парламенттин негизги темаларында макулдашуу түзүү үчүн бирдикте иштеши керек.

Референдум алып келген  башка бир негизги абал болсо; Түркияда күрттөр көп жашаган аймактардан «кабыл» добушу күтүлгөндөн дагы жогору болду.

Азырынча тактала элек жыйынтыктарга караганда 2015 -  жылдагы жалпы шайлоодо Адилеттик жана Өнүгүү партиясы 24, 8 пайыздык добуш алган Мушта шайлоочулардын 50, 8 пайызы конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон. Дирябакыр, Сиирт, Ван жана Мардинде да ушуга окшогон абал. Ошол эле учурда бул абал күрт шайлоочунун ПКК террорун жана Элдердин демократиялык партиясынын террорду актоо саясатын ачыкча четке каккандыгын көрсөттү. Күрттөрдүн көпчүлүгү демократиялык реформаларды, инвестицияларды, коомдун күрттөр менен ПККнын ортосунда так бир бөлүүчүлүк кылган президент Эрдоган жана өкмөт күрт шайлоочунун ишенимине ээ болду.  

Акыркы болуп батыш медиасы менен Европадагы белгилүү өкмөттөр Түркияда олуттуу түрдө кадыр баркын жоготту. Европадагы кээ бир өкмөттөрдүн референдум кампаниясы учурунда жасагандары Түркияда абдан катуу каршы чыгууга жол ачты жана Европа менен карым – катнаштардын келечеги тууралуу суроо жаратты. Ачык болуш керек болсо европалык лидерлер бир гана «кабыл болбогон» кампанияны колдоо менен референдумга кийлигишүү менен эле калган жок. Ошол эле учурда дипломатиялык эрежелерди бузуу менен араларында түрк министрлер да болгон конституцияга өзгөртүүнү киргизүүнү колдогондордун  өлкө тышында  жашаган миллиондогон түрк шайлоочуга маалымат беришине тоскоол болду.

Башка бир суроо болсо кош стандарттар тууралуу: Европа Биримдигинин Италияда саясий ырааттуулукту куруу үчүн шайлоо мыйзамынын өзгөртүлүшүнө берген колдоону эске салып, түрк калкы ошол эле Европанын Түркияда таштала турган ушуга окшогон кадамдарга эмне себептен каршы чыккандыгына кызыгып жатат. Ушундайча эл аралык медиа Түркияны түшүнүү жана референдумдун жыйынтыгын болжолдоодо ийгиликсиз болду. Конституцияга  өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушуна көңүл коюп окуп, түшүнүүнүн ордуна көп сандаган кабарчы жана аналист менен кыска жол менен байланышып, референдумду Түркия республикасынын кадыр – баркын жок кылуу үчүн жаңы бир мүмкүнчүлүк каатры көрдү. Батыштык гезиттерде жарыяланган кабарлар менен анализдерди окуган бир топ түрк окурман кудум «кабыл албаган» кампания тарабынан таркатылган брошюраларды окуду деген таасирге кабылды. Акырында эл аралык медианын чындыктарды билдирүүдөгү ийгиликсиздиги эл аралык коомчулукка шектенүү жана тараптар сүрөтүнүн сунушталышына себеп болду. Журналистика деген аттын астында жасагандарынын негизинен саясий акативизм экендигин жана мунун кесиптерине зыянын тийгизгендиги чындыгын көрүшөт деп ойлойбуз.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясынын байкоочу делегациясы да ушул эле маселе менен бетме  - бет келип турат. Дүйшөмбү күнү билдирилген алдыңкы отчетко караганда  референдумдун «техникалык жактарынын жакшы башкарылгандыгы», бирок кампаниянын тең болбогон шарттарда өткөндүгү айтылды. Ошол эле отчетту жазган делегациянын кээ бир мүчөлөрүнүн Түркия жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм катары кабыл алынган ПККга социалдык медиада ачыкча колдоо бергендиги ортого чыкты жана бул абал тарапсыздыктары тууралуу олуттуу шектенүү ойготту.

Президенттик өкмөт системасына берилген колдоонун өткөн айлардагы 30 пайыздык деңгээлинен 50 пайыздан ашыкча жогорулап 25 миллионго жеткендигин эске салуу маанилүү. Алдыдагы мезгилде  жаңы системанын Түркияга алып келе турган пайдалары менен келечегибизди кандайча ишенимдүү абалга алып келгендигин көргөн бир топ киши конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө колдоо бере баштайт. Бир тараптан президенттик өкмөт системасына өтүү үчүн мыйзамдуу өзгөртүүлөр киргизилип, бир тараптан Түркия 16 -  апрелде болгон тарыхый референдумдун саясында ички жана аймактык маселелер менен байланыштуу дагы ылдам жана таасирдүү кадамдарды таштай алат.



Тектеш кабарлар