Күн тартиби - 10

Европа Биримдиги качкындар тууралуу убадасында турган жок

686640
Күн тартиби - 10

Европа Биримдигинин 18 -  мартта түзүлгөн макулдашуудагы милдеттерин орундатпагандыгы өз отчетунда ортого чыкты. Убада берилген 72 миңдин ордуна Түркиядан 3 миң  565 сириялык качкын Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жайгаштырылды.

Брюссель

Европа Биримдигинин Түркия менен түзгөн качкындар тууралуу келишминде милдетин орундатпагадыгы өз отчету менен аныкталды.

Европа Биримдиги комиссиясы 18 -  март Түркия  - Европа Биримдиги качкындар макулдашуусунун ишке ашышына байланыштуу бешинчи отчетун жарыялады. Отчетко караганда 21 -  марттан баштап Түркиядан Грецияга өткөн качкындардын тапшырылышынын күтүлүп жаткандыгы тууралуу келишимдин саясында, күнүмдүк өтүүлөр азайган. Келишим боюнча биринчи баскычта 18 миң, ортого чыгышы мүмкүн болгон башка жаңыдан жайгаштыруу муктаждыктарын жоюу үчүн кошумча 54 миң качкын менен бирге жалпы Европа Биримдиги өлкөлөрү тарабынан 72 миң качкындын алынышы катталган. Айрыкча Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы иретсиз өтүүлөр аяктай баштаганда же  жок дегенде олуттуу өлчөмдө жана улантууга боло тургандай түрдө азайтылганда Ыктыярдуу Адамзаттык Кабыл алуу программасынын ишке кирери белгиленди.

Европа Биримдиги убада кылган сандын 4,9 пайызын гана алды

Бирок акыркы отчетко караганда Түркиядан 72 миңдин ордуна 3 миң 565 сириялык качкын Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жайгаштырылды. Келишим боюнча Түркияга жиберилген качкын саны болсо 1487 болду. Күнүмдүк өлкөгө өтүү «олуттуу жана улантууга боло тургандай түрдө» азайгандыгына карабастан убада кылынгандын терсине  мүчө өлкөлөрдүн ыктыярдуулук негизинин алкагында Түркиядан качкын алуусун күткөн Ыктыярдуу Адамзаттык Кабыл алуу программасы ишке кирген жок. Бирок акыркы отчетко караганда Түркиядан 72 миңдин ордуна 3 миң гана кишинин «Түркиядан качкын алынышынын ылдамдыгынын сакталышы» деген сөзгө орун берилген Европа Биримдигинин отчетунда «кийинки кадамдардын» арасында Грециядан Түркияга качкындарды дагы ылдам түрдө жибериши кааланды. Бул Брюсселдин алдыңкылыгынын эмне экендигин ортого салды.

3 миллиард евронун 750 миллиону жиберилди

Европа Биримдиги убада кылган бирок орундатпаган башка бир маселе да качкындар үчүн бериле турган материалдык жардам болду. Келишимде 2016 – 2017 -  жылдар үчүн 3 миллиард евро, 2018 -  жыл үчүн да 3 миллиард евролук салым кошуу катталган. Ушуга карабастан 2 -  мартка чейин «убада кылынган, чечим чыгарылган» акча суммасынын 2,2 миллиард евро экендиги белгиленип, чындыгында трансфер кылынган сумма 750 миллион евро болду. Бул акчанын 411 миллион евросу түрдүү гуманитардык жардам мекемелерине өткөрүлдү. Европа Биримдигинин түрк мекемелерине өткөргөн сумма 339 миллион гана евро болду. Бул сумма Түркия акыркы 6 жылда  25 миллиард доллардан ашуун каржаган акчанын 2 пайызына да жеткен жок.

Бажы Биримдигинин актуалдаштырылышы

Келишим боюнча Бажы Биримдигинин актуалдаштырылышы сүйлөшүүлөрүнүн 2016 -  жылынын аягына чейин башталышы керек болгон болсо да азырынча расмий сүйлөшүүлөр баштала элек.

Европа Комиссиясы сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн 2016 -  жылдын акыркы күндөрүндө Европа Биримдиги кеңешинен жоокерчилик талап кылгандыгына карабастан азырынча мүчө өлкөлөр муну беките элек.

Европа Биримдиги жаңы темалардын даярдыктарын аяктай элек

Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу сүйлөшүүлөрүндө 23 -  тема болгон сот жана негизги укуктар менен 24 -  адилеттик, эркиндик жана коопсуздук темаларынын Европа Биримдиги тарабынан жасалган техникалык даярдыктары бүтө элек.

Виза эркиндигинде алдыга жылуу болбой жатат

Келишимде орун алган «2016 – жылдын июнь айынын акырына чейин визалардын жоюлушуна» байланыштуу беренеде алдыга жылуу болгон жок. Отчетко караганда Анкарада 72 шарттан калган 7 шартты азырынча орундата элек. Булар : «Европа Биримдиги стандарттарына толук шайкеш болгон биометриялык паспорттун чыгарылышы, коррупция менен күрөшүү үчүн чаралардын көрүлүшү, Europol менен операциялык кызматташтыктын түзүлүшү, террор менен күрөшүү, мыйзам жана ишке ашыруулардын Европа стандарттарына карата тартипке салынышы, жеке маалыматтардын сакталышынын Европа Биримдиги стандарттарына алып келиниши, кылмыш менен байланышы болгон темаларда Европа Биримдигинин бардык өлкөлөрү менен таасирдүү кызматташтыктын түзүлүшү жана Европа Биримдиги  - Түркия кайра кабыл алуу келишиминин бардык беренелеринин ишке ашышы»,- деп тизмеленди. Бирок Анкара террор менен күрөшүү мыйзамында өзгөртүүлөрдүн киргизилишин күткөн шартта Түркиядагы абалга көңүл бурулууда. Брюссель менен Анкаранын ортосунда сүйлөшүүлөр улантылса да ортого эки тарап тең макулдашкан текст азырынча чыга элек.

Террор менен күрөш

Келишимде : «Түркия менен Европа Биримдигинин террор менен күрөшүүнүн алдыңкылыгын сактап жаткандыгы дагы бир жолу аныкталды» -, деген сөзгө орун берилсе да Брюссель Түркияны бул тууралуу колдоонун ордуна ПКК жана ФЕТӨ менен күрөшүүнүн негизинде алган чаралардан улам бат – бат сындап жатты. Отчетто бул беренеге байланыштуу башка бир баа берүүгө орун берилди.



Тектеш кабарлар