Китептер баяны-21

Кемал Карпаттын «Осмон калкы (1830-1914-жылдар): Демографиялык жана социалдык өзгөчөлүктөрү» аттуу китеби.

424915
Китептер баяны-21

Кадырлуу китепкөйлөр, программабыздын бүгүнкү чыгарылышы үчүн китеп коллекциябыздан «Осмон калкы (1830-1914-жылдар): Демографиялык жана социалдык өзгөчөлүктөрү» аттуу китепти тандап алдык. Бул китеп атактуу түрк тарыхчысы профессор Кемал Карпаттын калеминен жаралган. Китеп Бахар Тырнакчы тарабынан англис тилинен түрк тилине которулуп, «Түркия экономикалык жана коомдук тарых фонду» тарабынан 2003-жылы басылып чыккан. Китеп 338 беттен турат. Китептин башкы темасы Осмон мамлекетинде эл каттоо жана анын жыйынтыктары болуп саналат.

Урматтуу китеп күйөрмандары, Кемал Карпат «Осмон калкы (1830-1914-жылдар): Демографиялык жана социалдык өзгөчөлүктөрү» китебинде Осмон калкы боюнча статистикалык маалыматтарды жана анализдерди берүүдөн мурда журт оодаруу темасына кайрылган. Карпаттын журт оодаруу тууралуу жазгандары абдан кызыктуу. Ошондуктан бул маалыматтарды сиздер менен бөлүшүүнү туура таптык. Анда эмесе кулак салыңыздар:
«Жашаган негизги жеринен максат кылган жерине көчүү» - бул журт которуунун эң кыска аныктамасы. Журт которууну доорлору боюнча экиге бөлсөк болот. Биринчиси -мамлекет чек аралары тактала элек мезгилдеги журт которуулар, экинчиси болсо - 18-кылымдан кийин, башкача айтканда, чек аралары такталган мамлекеттер түзүлгөндөн кийинки мезгилдеги журт которуулар. Биринчи мезгил 3-11-кылымдардагы журт оодарууларды камтыйт. Буга мисал катары готтор, хундар, аварлар, печенектер, кумандар, славяндар, болгарлар жана венгерлердин журт которууларын көрсөтүүгө болот. Бул журт которуулар чыгыштан батышка жана түндүктөн түштүккө карай болгон. Биринчи мезгилдеги журт оодаруулар азыркы Европанын этникалык пайдубалын түзүп, маданияттарын белгилеген. Готтор менен алардын бир колу болгон остроготтор жана висиготтор Рим империясынын кыйрашында маанилүү роль ойношкон. Алгач азыркы Украинанын аймагында жашаган остроготтор 375-жылдан Атилла каза болгон 453-жылга чейин хундарга баш ийишкен. 488-жылы Италияга барышып Равеннаны борбор шаар кылышкан. Кийинчерээк 552-жылы Византия аскерлерине жеңилишип, Түндүк Италия жарым аралындагы калктын арасына сиңип кетишкен. Висиготтор болсо Түштүк Францияга, көпчүлүк бөлүгү Испанияга барып жайгашышкан. Висиготтордун акыркы королу Родериктин душмандары ага каршы 711-жылы Тарык ибн Зияддан жардам сурашкан. Натыйжада Испания мусулмандардын башкаруусуна өткөн. Ошондон баштап Түндүк Африка жана Арап жарым аралынан Испанияга мусулмандардын журт которуусу башталган. 1492-жылы Андалуста жашаган мусулмандар менен жөөттөр Испаниядан күч колдонулуп чыгарылган. Ушул окуядан кийин Европа тарыхында «инквизиция» деген ат менен белгилүү болгон караңгы диний доор, башкача айтканда, католик чиркөөсүнүн доору башталган. Бул доор чиркөөнүн саясий күчкө айланышына себеп болгон жана натыйжада 16-кылымдагы реформалардын жаралышына түрткү берген. Келтирилген бул мисал жалгыз бир көчмөн группасынын, башкача айтканда, готтордун Европа тарыхынын өзгөрүшүнө канчалык таасир тийгизгендигин көрсөтүп турат.
Биринчи доордо ар кыл себептерден улам көчүүгө мажбур болгон группалар басып алуу менен журт которууну бирге жүргүзүшкөн. Алар басып алган жерлеринде мамлекет кура алышпаса, аларга салыштырмалуу күжүрмөн болушкан группаларга жеңилишип, алардын ичине сиңип кетишкен. Буга мисал катары батышка журт которгон печенектер менен кыпчактарды берсек болот. Печенектер менен кыпчактар түрчө сүйлөшкөн жана алардын бир бөлүгү мусулман болгон. Булардын бир бөлүгү мамлекет кура алышпагандыктан орустардын алгачкы мамлекети болгон Киев княздыгына сиңип кетишкен. Калганы болсо Чыңгыз кандын мураскерлеринин чабуулдарына чыдай албай Византияга, же болбосо Венгрияга көчүшкөн жана христиан динине кирип, улуттук өзгөчөлүктөрүн жоготушкан.
Экинчи доордогу, башкача айтканда, 16-кылымдан кийинки журт которууларда экономикалык жана саясий себептер башкы ролду ойногон. Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки журт оодаруулар Батыш Европадан Түндүк жана Түштүк Америкага, Австралияга болгон. Бул мезгилде адамдар калкынын саны жыш жайгашкан Батыш Европадан калкынын саны салыштырмалуу аз болгон Америка материгине агылышып, ал жерди Европанын бир бөлүгүнө айлантышкан. Бирок Америка эч качан Европанын копиясы болгон эмес, ал жерде ар түрдүү жаңы мамлекеттер жана калктар жаралган.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болсо журт которуулардын агымы түп- тамыры менен өзгөргөн. Батыш Европанын калкынын саны азайган. Ал эми Европанын өнөр-жай товарларына дүйнөдө талап өскөн. Ошондуктан өнөр-жай тармагы үчүн жумушчуларга муктаж боло баштаган. Натыйжада Түркиядан жана Үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн Батыш Европага жана Америкага журт которуулар башталган.

Кадырлуу китепкөйлөр, эми биз Кемал Карпаттын түрктөрдүн Анадолуга журт которушу боюнча пикирин жана анын Осмон мамлекетине журт которуулар боюнча жазган маалыматтарын сиздерге кыскача баяндап беребиз:
Түрктөрдүн Анадолуга жер которушу жөнүндө ар кыл пикирлер бар. Кеңири таралган пикир боюнча, Султан Алп Арстан 1071-жылы «Малазгирт согушунда» Византиянын императору Роман Диоген IVнү жеңип, Анадолунун эшигин түрктөр үчүн ачкан. Бул пикирге ылайык, Алп Арстан согуштук ийгилиги аркылуу Чыгыш Анадолудагы Византия чек арасын бузуп, түрк урууларынын Анадолуга көчүшүнө шарт түзгөн. Милитаристтик-улутчул тарых гипотезасыны чагылдырган бул пикир бир нече себептен улам туура эмес. Түрк урууларынын чыгыштан Анадолуга журт которуулары 8-кылымдын аягында эле башталган. Алп Арстандын «түрктөрүнө» каршы согушкан Византия жоокерлеринин көпчүлүгүн Анадолуда жашаган түрктөр түзгөн. Бирок бул түрктөрдүн 20-кылымдагы түшүнүк менен саясий маанидеги түрк болушканын эч ким далилдей албайт. Этникалык жана тил жаатынан түрк болгондор менен саясий мааниде түрк болгондорду бири-биринен бөлүп кароо керек. Саясий маанидеги түрк 20-кылымда пайда болду. Буну Ататүрк мыкты түшүндүргөн. Ал «Республикалык Түркиянын түзүлүшү - бул түрктөрдүн тарыхта алгачкы жолу өздөрүнүн ысымындагы мамлекетти негиздеши» деген аныктама берген.
Түрктөрдүн жер которуусу жөнүндө сөз кылып жатып түрк урууларынын Анадолуга жайгашуусунда моңголдордун зор роль ойногонун айта кеткенибиз оң. Мындан сырткары баса белгилей кетчү нерсе, Селчук Империясын кыйраткан моңгол аскерлеринин көпчүлүгү Орто Азиядагы түрк урууларынан турган.
Моңголдордун жортуулу Селчук мамлекетин кыйраткандан кийин Анадолуда 30 чактуу чакан бейликтер түзүлгөн. Осмон бейлиги ушулардын бири болгон. Осмон мамлекети 1299-жылы Батыш Анадолу жергесинде негизделген. Осмон дөөлөтүндөгү 18-кылымга чейинки журт которуулар негизинен экономикалык себептерден улам болгон. Саясий себептен улам аргасыз журт оодаруулар 18-кылымда башталган жана 19-кылымда күч алган. Мындай журт которуулар батыштан чыгышка, Кавказ жана Румелиядан Анадолуга карай болгон. Саясий-диний себептерден улам журт которгондордун дээрлик баары мусулмандар эле. Мисалы, 1828-1829-жылдардагы Орус-осмон согушунда Кавказ, Крым жана Балкан жарым аралында жашаган мусулмандар Анадолу жана Румелияга журт которушкан. 1877-1878-жылдардагы Орус-осмон согушу учурунда болсо Болгариянын ортосу менен батышында жана Сербияда үч жүз миң чактуу мусулман кыргынга дуушар болгондон кийин бир миллиондон ашык мусулман Анадолуга көчүп кеткен. Кыскасын айтканда, журт которуулар Кавказдан, Крымдан, Балкан жарым аралынан жана Акдеңиздин аралдарынан түрк, черкес, боснак, албан, помак, татар сымал ар түрдүү группаларды Осмон мамлекетине алып келген. Булар орус, болгар, серб болбогондугу үчүн, башкача айтканда, христиан динин кабыл албагандыгы үчүн ата-журтунан көчүп кетүүгө мажбур болушкан.

ТРТнын "Түркия үнү" радиосу үчүн Гүлдана Мурзакулова жана Абдырасул Исаков



Тектеш кабарлар