Китептер баяны-10

Зухури Данышмандын “Осмон дөөлөтүнүн тарыхы” аттуу китеби.

509408
Китептер баяны-10

Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубуз үчүн китеп коллекциябыздан көп томдуу «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» деген китептин 13-томун  тандап алдык. Бул китеп түркиялык илимпоз Зухури Данышмандын калеминен жаралган. Китеп 1966-жылы «Зухури Данышман» басмаканасы тарабынан басылып чыккан. Китеп 315 беттен турат.

                                  «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин 13-томунда Осмон падышасы Султан Абдүлхамид хан боюнча кенен маалымат берилген.

                        Кадырлуу китепкөйлөр, Зухури Данышмандын «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин 13-томунда Султан Абдүлхамид хандын падыша болушу, конституциялык түзүлүштүн жарыя кылынышы, 1877-78-жылдагы Осмон-орус согушу тууралуу кызыктуу жана маанилүү маалыматтар берилген. Алгач ушул маалыматтарды сиздер менен бөлүшөлү:

                                  Султан Абдүлхамид II 1842-жылдын 21-сентябрында төрөлгөн. Анын атасы Султан Абдүлмежид, энеси Тир-и Мүжган болгон. Абдүлхамид арык, көп сүйлөбөгөн токтоо бала болуп чоӊойгон. Ал 8 жашка чыкканда энеси, 19 жашка толгондо атасы кургак учук оорусуна чалдыгып каза болгон. Энеси каза болгондон кийин Абдүлхамидди Перестү айым тарбиялаган. Ушундан улам Абдүлхамид Перестү айымдан көп нерсе үйрөнгөн жана аны аябай сыйлаган.

                                  Султан Абдүлхамид II Осмон дөөлөтүнүн өмүрүн 33 жыл узаткан киши катары белгилүү. Султан Абдүлхамид 34 жашында Топкапы кансарайында тактыга отурган. 1876-жылдын 7-сентябрында анын падыша болгондугун тастыктаган “Белге кылыч байлоо” салтанаты өткөрүлгөн. Андан соӊ Долмабахча кансарайынан кайыкка түшүп Эйүпкө барган  Султан Абдүлхамид, ал жерде акбоз атка минип Топкапы кансарайына кайтып келген.

                                  Абдүлхамид ага чейинки Осмон падышаларынан айырмаланган башкаруучу болгон. Мисалы, ал падыша болгондон кийин ар катмардагы жана ар кыл кесиптеги адамдар менен мезгил мезгили менен бирге тамак жеген. Ага чейин осмон падышалары өздөрү жалгыз тамактанышат болчу. Ал кансарайда кабыл алган кишилердин кол куушуруп турушун каалаган эмес. Аларды отургузган жана алардын сөздөрүн кунт коюп уккан. Ооруканаларга барып ал жердеги жоокерлердин ал-акыбалын сураган. Мечитте калк менен кошо намаз кылган. Кансарайдын чыгымдарын кескин кыскарткан. Абдүлхамид падыша болгондон кийин Галатадагы банкирлердин эӊ акылдуу, эӊ бай жана эӊ куусу болгон Георги Зарифини кансарайга чакыртып ал кишиден каржы маселелери боюнча сабак алган. Алман цезары Вильгельмди Стамбулда мейман кылган. Вильгельм Осмон падышалары тарабынан Стамбулда кабыл алынган алгачкы христиан башкаруучу болгон.

Абдүлхамид айланасына ишенимдүү адамдарды топтоп, жакшы иш алып барган кишилерди тиешелүү кызматтарга отургузган. Ушундан улам Осмон дөөлөтүнүн абалы жалпы жонунан жаман экендигине карабастан жумуштар жасалып мамлекеттин өмүрү узаган. Ал реформалаган тыӊчылык кызматы да мыкты иш алып барган.

Султан Абдүлхамид мамлекеттин олчойгон карыздарын жоюу үчүн аябай аракет кылган. Карыздан кутулуу үчүн атайын комитет түзгөн жана падыша болуп турган мезгилинде аз суммадагы карызын эсепке албасак сырттан карыз алган эмес.

 

                       Урматтуу китеп күйөрмандары, эми биз Зухури Данышмандын «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин 13-томундагы Осмон дөөлөтүндөгү алгачкы конституциялык башкаруунун жарыяланышы тууралуу сиздерге кыскача баяндап берели.

                                 1876-жылдын 23-декабрында Халичтеги Деӊиз министрлиги имаратында Болгария, Сербия жана Монтенегронун келечеги, Осмон дөөлөтүндө жасала турган реформалар боюнча эл аралык жыйын өткөрүлгөн. Осмон дөөлөтү ушул жыйында өзүнүн позициясын күчтүү көрсөтүү максатында шашылыш конституциялык башкарууну жарыя кылган.

Жаӊы башкаруу формасына ылайык парламентарийлер шайланып иштей башташы керек эле. Осмон дөөлөтүндөгү алгачкы парламент конституциялык башкаруу жарыялангандан үч айдан кийин Долмабахчедеги Муайеде жыйын залында ачылган. Бул парламентти калк “93 парламенти” деп атаган. Салтанаттуу ачылыштан кийин депутаттар иштерин университеттин эски имаратында улантышкан. Алгачкы депутаттар калк тарабынан эмес, облустардын башкаруу кеӊештери тарабынан жиберилген. Парламент “Мебусан” жана “Аян” деп аталган эки палатадан турган. Мубасанда 115, Аянда 26 депутат болгон. Депутаттардын 69у мусулман, 46сы христиан жана жөөттөрдөн турган. Парламенттин алгачкы төрагасы болуп Ахмед Вефик паша шайланган.

Бул парламент “Жашасын согуш!” деген ураан менен Россияга каршы согуш жарыялоо чечимин кабыл алган. Осмон дөөлөтү бул согушта Россияга жеӊилип калган. Парламенттеги мусулман эмес депутаттар болсо өз калктарынын кызыкчылыктарынан башка эч нерсеге көӊүл бурушкан эмес. Вавилон мунарасы сыӊары бул парламенттин өкүлдөрү Осмон дөөлөтүнөн бөлүнүү маселесин көтөрө башташкан. Ушундан улам Осмон дөөлөтүнүн алгачкы парламенти 1878-жылы Абдүлхамиддин буйругу менен 30 жылга өзүнүн ишмердигин токтоткон.

                                 Урматтуу китеп күйөрмандары, Осмон дөөлөтүндөгү конституциялык башкаруу жана Султан Абдүлхамид II боюнча тереӊ маалымат алгыӊыз келсе, анда  Зухури Данышмандын «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин 13-томун окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдагандар;Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар