Китептер баяны-4

Ахмед Рефик Алтынайдын «Жоогазын доору» аттуу китеби.

383976
Китептер баяны-4

Кадырлуу китепкөйлөр, Осмон дөөлөтүнүн 18-кылымдагы тарыхын баяндаган китептерди барактаганда, 1718-1730-жылдар аралыгы Осмон дөөлөтү үчүн бакубат мезгил болгондугун көрө алабыз. Бул жылдары империяда тынчтык жана стабилдүүлүк өкүм сүргөн. Мамлекеттин социалдык абалы жакшырып, адабият жана искусство тармагында өсүү болгон; Осмон өкмөтү мамлекетти жаңылоо үчүн бир катар иш-чараларды баштаган. 1718-жылдан 1730-жылга чейинки мезгил тарыхый эмгектерде «жоогазын доору» деп аталат.
Осмон дөөлөтүнүн «жоогазын доорун» эң мыкты чагылдырып берген эмгектердин бири Ахмед Рефик Алтынайдын калемине таандык «Жоогазын доору» аттуу китеп болуп саналат. Түрк тарыхчы жана педагог Ахмед Рефик Алтынай 1880-1937-жылдары өмүр сүргөн. Анын «Жоогазын доору» аттуу эмгеги алгачкы жолу 1908-жылы «Икдам» газетасына сандан-санга басылган. 1912-жылы болсо толуктоолор менен китеп болуп басылып чыккан. «Жоогазын доору» китеби Түркияда эң көп окулган китептердин катарына кирген. Бул китеп авторунун көзү тирүү кезинде эле беш жолу кайталанып басылган. Арап тамгалары менен осмон тилинде жазылган бул китеп кийинчерээк латын тамгалары менен жөнөкөйлөштүрүлүп көптөгөн басмаканалар тарабынан кайрадан басылган жана азыркы учурда да басылууда. Урматтуу китеп күйөрмандары, «Китептер баяны» программасынын бүгүнкү чыгарылышында Ахмед Рефик Алтынайдын ушул атактуу китебин барактап, китептеги кызыктуу маалыматтарды сиздерге айтып беребиз.

Ахмед Рефик Алтынай «Жоогазын доору» аттуу китебинде алгач «Карлофча» тынчтык келишиминен «Пасарофча» тынчтык келишимине чейинки мезгилде болуп өткөн окуяларды кыскача баяндаган. Андан соң «Жоогазын доорунда» башкы ролдо турган Султан Ахмед III менен башкы вазир Ибрагим пашанын адамдык сапаттарын ачып көрсөткөн. Биз китептеги кээ бир кызыктуу жана маанилүү маалыматтарды сиздер менен бөлүшө кетели:
Султан Ахмед III невшехирдик Ибрагим пашаны кызы Фатма Султан менен үйлөндүрүп, күйөө баласын башкы вазир кылып дайындаган. Невшехирдик Ибрагим паша акылдуу, парасаттуу, искусстводон ырахат алган киши болгон. Ал Осмон дөөлөтүн Австрия менен Россиянын чабуулдарынан коргоо үчүн «душмандар менен тил табышып жашаш керек» деген принципти туу тутуп, иш жүргүзгөн. Ибрагим паша башкы вазир болуп турган кезде Осмон дөөлөтү согушка аралышкан эмес. Өлкөнүн ичинде тынчтык өкүм сүргөн.
Султан Ахмед III архитектурага кызыкчу. Ушундан улам невшехирдик Ибрагим паша вазир болгондон кийин эң биринчи кезекте Стамбулдагы ар кыл имараттарды, хансарайларды, мечиттерди оңдоп-түзөткөн. Ага чейинки султандар курдургундай көп мунаралуу, заңгыраган мечиттер салдырган жок. Бирок Стамбулдун бардык бурчун түрктөрдүн искусствосун чагылдырган суу булактары, эстеликтер, үйлөр менен кооздотту.
Султан Ахмед III жоогазындарды абдан жакшы көрчү. Султандын күйөө баласы да сулуулукту баалай билген киши болгондуктан шаарда жоогазындын өстүрүлүшүнө шарт түзгөн. Жоогазын өстүрүү үчүн атайын гүл бакчалар курулуп, жоогазынды мактаган китептер жазылган. Стамбулда жоогазындын түрлөрү күн санап көбөйгөн. Жоогазын боюнча атайын жарыштар өткөрүлө баштаган. Мамлекеттик кызматта иштегендер бакчаларына сөзсүз түрдө жоогазын өстүрүшкөн. Жоогазын буга чейин мынчалык бааланган эмес болчу. Стамбулдан башка дүйнөнүн эч бир жеринде жоогазын мынчалык бааланып эгилген эмес.
Ибрагим паша жоогазындын чар тарапка жайылышына абдан аракет кылган. Голландиядан алып келинген жоогазынга «Лү-лү-и эзрак» деген ат коюп, жоогазындын ушул түрүн өстүргөндөргө атайын колдоо көрсөткөн. «Лү-лү-и эзрак» жоогазындары көбүнчө «Чыраган», «Садабад» жана «Нешадабад» деген хансарайлардын бакчаларында өстүрүлчү. Күн катуу ысыган маалда жоогазындар түсүн жоготпосун деп алардын үстүн атайын материал менен жаап коюшчу экен. Осмондуктардын жоогазынга болгон кызыгуусу көп өтпөй бүтүн дүйнөгө белгилүү болгон. Европанын булуң-бурчунан Стамбулга ар түрдүү түстөгү жоогазындар келе баштаган. Ирандан алынып келинген «махбуб» деген жоогазындын пиязынын бир даанасы миң алтынга сатыла баштаган. Жоогазын базары зергерчиликтей кол өнөрчүлүккө айланган. 1726-жылы Стамбулда жоогазындын сегиз жүз отуз тогуз (839) түрү өстүрүлгөн.
Жоогазындын баасы кымбаттаган сайын кээ бир соодагерлер кызыл кулактык кыла башташкан. Мындай көрүнүштөрдү жок кылуу үчүн Ибрашим паша бакчаларда өстүрүлгөн жоогазындардын түрү менен санын эсептетип чыгууга, жоогазындардын наркын белгилеп көрсөтүүгө мажбур болгон. Жоогазынды белгиленген баасынан кымбатка саткан соодагерлерди сүргүнгө айдоо боюнча атайын мыйзам чыгарган.
Жоогазындар ачыла баштаганда Султан Ахмед III шаан-шөкөттөрүн баштачу эле. Жоогазын ачкан мезгилде падыша көбүнчө «Садабад» деген хансарайында жашап, бюрократтар менен элчилерди ушул хансарайда кабыл алып, сыйлоочу.
Султан Ахмед III менен анын башкы вазиринин шаан-шөкөт, оюн-зоокторун душмандары жактырышкан эмес. Бир жолу булар «Чыраган» хансарайын таш баранга алдырышкан.
Урматтуу китеп күйөрмандары, Ахмед Рефиктин китебинен Осмон дөөлөтүнүн «Жоогазын доорунда» жагымдуу да, жагымсыз да өзгөрүүлөрдүн болгондугун үйрөндүк. Ушуга байланыштуу бир нече мисал бере кетели:
Султан Ахмед III кечинде ырдап-чоордоп, күндүзү болсо Кара жыгачта эс алып, Ок майданында ок атуу менен алектенип жүргөндө, башкы вазири Ибрагим паша мамлекеттик иштерди жөнгө салуу менен алектенген.
Стамбул ок-даары, кан дегенди унута баштаган. Адабият жана искусстводо өнүгүү болгон, адамдардын жүрүп-туруму, жашоо образы өзгөрө баштаган. Калктын көпчүлүгү кооз кийинүүгө, искусство менен алектенүүгө көңүл бура баштаган. Ошентип көптөгөн адамдар байлыгын кооз кийинүүгө жана жасалгаларга жумшай башташкан. Ибрагим паша ушундай нерселерди чектөө үчүн ар бир социалдык тапка тиешелүү кийимдерди аныктап, эреже койгон. Вазир тарабынан белгиленген эрежеге ылайык катардагы атуул же соодагер жогорку даражадагы кишилердей болуп арс терисинен кийимдер кийбеш керек болгон.
Ибрагим паша илимге аябай көңүл бурган. Жаңы китепкана жана медреселерди курдурган. Башка тилде жазылган маанилүү жана көлөмдүү китептерди которуу үчүн ошол учурдагы илимпоздор жана акындардан турган атайын комиссияны түзгөн. Башкы вазир Ибрагим паша 1728-жылы Осмон дөөлөтүндө басмакананын курулушуна көмөк көрсөткөн.
Башкы вазир табыптардын мыкты билим алышын каалаган. Атайын документи болбогон табыптардын сыркоолорду карашына тыюу салган. Ибрагим пашанын кайнатасы Султан Ахмед менен өзүнүн жубайы Фатма Султан оорулардан көп запкы жешкен. Ушундан уламбы, ал табыптардын мыкты болушуна аябай көңүл бурган.
Осмон дөөлөтүнө жагымдуу да, жагымсыз да нерселерди алып келген «жоогазын доору» 1730-жылы Стамбулда чыккан бир көтөрүлүштүн натыйжасында аяктаган. «Патрона Халил көтөрүлүшү» деген ат менен белгилүү болгон көтөрүлүштө башкы вазир Ибрагим паша өлтүрүлгөн, Султан Ахмед III тактан түшүрүлгөн.
Кадырлуу китепкөйлөр, түркиялыктар Ахмед Рефик Алтынайды «тарыхты сүйдүргөн адам» деп аташат. Биз да анын «Жоогазын доору» аттуу китебин барактай баштаганыбызда эле, Ахмед Рефик Алтынайдын «тарыхты сүйдүргөн адам» деген атка ылайык тарыхчы экенине ынандык. Ахмед Рефик тарыхый окуяларды жөнөкөй, куюлушкан сүйлөмдөр менен жазып, окурмандардын тарыхый окуяларды так түшүнүүсүн камсыз кыла алган.

Программаны даярдагандар: Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар