Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-18

2134717
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

 “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 22-25-апрель күндөрүнүн аралыгында Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) тарабынан Женевада “Түрк жумалыгы” уюштурулду. Эл аралык түрк уюмдары “Түрк жумалыгында” түрдүү иш-чараларды өткөрүштү. Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, быйыл биринчи жолу Швейцарияда өткөрүлгөн жана түрк дүйнөсүн таанытуу максатын көздөгөн «Түрк жумалыгы» программасын ар кайсы өлкөлөрдө уюштурууну пландап жаткандарын айтты.

22-27-апрель күндөрү Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Борбор Азия өлкөлөрүндө иш сапары менен болду. Британиянын Тышкы иштер министри Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Монголияда болуп, бул өлкөлөрдүн президенттери жана тышкы иштер министрлери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушууларда Орусияга киргизилген санкциялар, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү, борбор азиялык жумушчуларды Англияга жөнөтүү, аймактык коопсуздук сыяктуу маселелер алдыңкы планга чыкты. Иш сапардын алкагында Казакстан менен Улуу Британиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлду. Дэвид Кэмерон Кыргызстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга келген Британиянын алгачкы Тышкы иштер министри болду.

23-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Франция-Борбор Азия” достук тобунун төрагасы, сенатор Эрве Морэ жетектеген француз делегациясын кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан-Франция жана Франция-Борбор Азия мамилелери боюнча пикир алмашылды.

23-апрель күнү Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий иш сапары менен барды. Нурланбек Шакиев Улан-Батор шаарында Монголиянын президенти, премьер-министри жана парламентинин спикери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Иш сапардын алкагында “Кыргыз элинин Чыңгызхан жана анын мураскорлору менен болгон тарыхый байланышы” аттуу илимий конференция болуп өттү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Эл аралык Транс-Алтай туруктуу өнүгүү диалогуна катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-25-апрель күндөрү мамлекеттик иш сапары менен Азербайжанда болду. Президент Жапаровду Бакуда салтанаттуу азем менен тосуп алышты. Президенттердин төрагалыгы астында Азербайжан-Кыргызстан Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны өттү. Жыйындын соңунда эки өлкө ортосунда 18 келишимге кол коюлду. Президенттер журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Алиев менен Жапаровдун катышуусунда Бакуда Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылыш аземи болду. 25-апрель күнү президенттер Физули жана Агдам шаарларынын өнүгүү планын жеринде карап чыгышты. Президенттер Хыдырлы айылында Кыргызстан тарабынан курула турган мектептин пайдубалына мезгил кутусун салышты.

25-апрель күнү Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри Дун Цзюнду кабыл алды. Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү.

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов 25-апрель күнү Түркияга расмий иш сапары менен келди. Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынган Премьер-министр Бектенов, Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен бирге Түркия-Казакстан өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиясынын 13-жыйынына төрагалык кылды. Иш сапардын алкагында Түркия-Казакстан бизнес форуму өттү.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада түрк республикаларында маанилүү окуялар болду. Дэвид Кэмерондун 6 өлкөнү камтыган турнесин Британия мындан ары Борбор Азияда дагы эффективдүү саясат жүргүзөт деп чечмелесек болот. Монголиянын Борбордук Азиядагы беш мамлекет менен тыгыз кызматташып, анын аты Борбордук Азиядагы беш мамлекет менен бирге атала баштаганы маанилүү.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар