Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-65

2067540
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрь күнү Самарканд шаарында Өзбекстан-Түркия 2-Билим Форуму болуп өттү. Форумга Өзбекстандын Илим, билим жана инновация министри Адил Абдурахманов жана Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Проф. Д-р. Эрол Өзвар, эки өлкөдөн жүзгө жакын ректор жана проректорлор катышты.

14-ноябрь күнү Казакстандын калкынын саны 20 миллионго жеткени шардана кылынды. Казакстанда эки жыл мурун 19 миллионунчу ымыркай төрөлгөн эле.

16-17-ноябрь күндөрүндө Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56- жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын спикерлери жана депутаттары катышты. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференциялар өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чарага Түркиядан чоң делегация катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 17-ноябрь күнү Японияга расмий иш сапары менен барды. Президент Жапаров Японияда император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кишида жана парламенттин спикери Фукусиро Нукага менен жолугушту. Президент Жапаров Япониянын айрым мекеме-уюмдарынын жетекчилери жана ишкерлери менен да жолугушууларды өткөрдү.

17-ноябрь күнү Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын ыйгарым укуктуу элчилери менен жолугушту. Жолугушууда Орусия+Борбор Азия мамилелери талкууланды.

Өткөн аптада Түндүк Кипр Түрк Республикасы түзүлгөнүнүн 40 жылдыгын белгиледи. Азербайжандагы Түркийенин аскерлеринин кызмат мөөнөтү бир жылга узартылды. Түркия менен Азербайжандын маданият министрлери 13-ноябрда маданий кызматташтык келишимине кол коюшту.

13-ноябрь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын төрайымы Пиа Кауманы кабыл алды. Жолугушууда Түштүк Кавказдагы соңку абал жана Азербайжан-Армения мамилелери талкууланды.

14-ноябрь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды. Жолугушууда Азербайжан-Өзбекстан транспорт, соода жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы талкууланды.

15-ноябрь күнү Бакуда Түрк дүйнөсүнүн 2-Метеорология форуму өттү. Форумга Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү министрлери катышты. Ошол эле күнү Азербайжандын премьер-министри Али Асадов аталган форум үчүн Бакуга келген Түркия Республикасынын Экология, шаар куруу жана климаттык өзгөрүү министри Мехмет Өзхасекини кабыл алды.

15-ноябрь күнү Венгрия менен Орусиянын атомдук электр станциясын куруу боюнча макулдашканы белгилүү болду. Росатом тарабынан Венгрияда курула турган Пакс-2 атомдук станциясы 2030-жылы ишке кирет. Долбоордун наркы 12,5 миллиард еврону түзөт.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада түрк республикаларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеген маанилүү иш-чаралар жана иш сапарлар жүзөгө ашты.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар