Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-61

2056274
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын борбору Пекинде “Бир алкак, бир жол” форумунун үчүнчүсү болуп өттү. Форумга 130 мамлекеттен жана 30 эл аралык уюмдан жогорку деңгээлдеги өкүлдөр катышты. Форумга Евразия аймагынан Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх, Түркмөнстандын Халк Маслахатинин төрагасы Гурбангули Бердымухамедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты. Форумдун соңунда айрым келишимдерге кол коюлду.

Форумдун алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, Вьетнамдын президенти Во Ван Тхуонг, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрелсүх, Пакистандын премьер-министри Анварул Хак Какар жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин жана Вьетнамдын президенти Во Ван Тхуонг менен жолугушту. Түркмөнстандын Халк Маслахатинин төрагасы, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери кытайлык ири компаниялардын жетекчилери жана чиновниктер менен да жолугушту.

Пекинде өткөн форумдун алкагында Орусия менен Кытай жарандык авиация тармагын өнүктүрүү фондун түзүү боюнча чечим кабыл алышты. Казакстан менен Кытайдын ортосунда 30 келишимге кол коюлду.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Пекинден Шинжаң автономиялуу районуна сапар тартты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолуккан президент Токаев коңшулук байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү керектигин белгиледи.

16-октябрь күнү Самаркандда Дүйнөлүк Туризм Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 25-сессиясы болуп өттү. Башкы ассамблеяга 130 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Башкы ассамблеянын ачылышына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышып, сөз сүйлөдү.

19-октябрь күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореяга расмий иш сапары менен барды. Министр Лавров Пхеньянда Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен жолугушту. Орусиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери Түндүк Кореяга бат-баттан каттай башташты. Бул иш сапар Сергей Лавровдун Пхеньянга болгон төртүнчү каттамы болду.

Шуша шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин 40-жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, Казакстандын Актау шаары 2025-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Кабыл алынган бир башка чечим менен Нобель сыйлыгынын ээси, илимпоз Азиз Санжарга “ТҮРКСОЙдун Маданият элчиси” наамы берилди.

17-октябрь күнү Бишкекте Түрк Мамлекеттер Уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалымат үчүн жооптуу министрлеринин 5-жыйыны болуп өттү. Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев 5-7-ноябрь күндөрү Стамбулда өтө турган Түрк дүйнөсүнүн медиа саммитинде Түрк маалымат агенттиктеринин биримдигин түзүү пландалып жатканын билдирди.

18-октябрь күнү Самаркандда Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында Түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү 3-ноябрда Астанада өтө турган Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммитинде кол коюла турган келишимдерге байланыштуу сунуштарын айтышты.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар