Борбор Азия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-36

1982816
Борбор Азия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Борбор Азия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Борбор Азия республикаларында маанилүү иш сапарлар жана жолугушуулар болду. Эми окуяларга ирети менен көз жүгүртөлү.

Үстүбүздөгү жылдын 24-апрель күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Астанада Чехиянын премьер-министри Петр Фиаланы кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Чехиянын өкмөт башчысы Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Алихан Смайылов менен да жолугушту. Астанада Казакстан-Чехия бизнес форуму өткөрүлдү.

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала 25-апрель күнү Казакстандан Өзбекстанга барды. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте Петр Фиаланы кабыл алды. Чехиянын премьер-министри өзбек кесиптеши Абдулла Арипов менен да жолугушту. Ташкентте Өзбекстан-Чехия бизнес форуму болду.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 24-апрель күнү Татарстандын раиси Рустам Миннихановду кабыл алды. Жолугушууда Өзбекстан-Татарстан эки тараптуу мамилелеринин учурдагы абалы жана аткарыла турган биргелешкен иш-чаралар талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-апрель күнү Сауд Арабиянын өнүктүрүү фондунун жетекчиси Султан Абдурахман Аль-Маршадды кабыл алды. Жолугушууда Сауд Арабиянын өнүктүрүү фондунун Кыргызстанга салган инвестициялары тууралуу сүйлөшүлдү.

25-27-апрель күндөрү Польшанын президенти Анджей Дуда Монголияда мамлекеттик иш сапары менен болду. Президент Дуданы Улан-Батордо Монголиянын президенти Хурелсух Ухнаа расмий салтанат менен тосуп алды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн ортосунда 5 келишимге кол коюлду. Эки өлкөнүн президенттери Монголия-Польша бизнес форумуна катышышты. Польшанын Президенти Анджей Дуданын катышуусу менен Улан-Батордо Польшанын элчилигинин имаратынын ачылышы болду.

27-апрель күнү Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смайылов Иранга иш сапары менен барды. Тегеранда премьер-министр Смайылов Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана вице-президенти Мохаммед Мохбер менен жолугушту.

27-апрель күнү Фергана шаарында Түрк Мамлекеттери Уюмунун эгедерлигинде “Түрк мамлекеттеринин темир жол байланышы: Фергана өрөөнү-Анадолу” аттуу эл аралык форум болуп өттү. Форумга түрк республикаларынан жана башка тиешелүү мамлекеттерден 120дан ашуун өкүл катышты.

27-28-апрель күндөрү Өзбекстанда II. Ташкент эл аралык инвестициялык форуму өттү. Форумга 70 өлкөдөн 2,5 миң өкүл катышты.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Нью-Делиде өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынында сүйлөп жатып, АКШнын аймактагы күчөп бараткан таасирин ооздуктоо үчүн Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орус аскерий базаларынын бекемделе турганын билдирди.

Окуялардан көрүнүп тургандай, дүйнөнүн Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон кызыгуусу күн санап өсүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнө иш сапарлардын саны көбөйүп, аймакта эл аралык маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.

 28-апрель күнү Анкарада ТүркПА саммити болуп өттү. Түркия Улуу Улуттук Жыйынында өткөн саммитке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркмөнстан жана Түркиянын парламенттеринин төрагалары катышышты. Өзбекстандагы референдумдан улам катыша албаган Өзбекстандын Cенатынын төрайымы Танзила Нарбаева видео кайрылуу жөнөттү. Саммитте ТүркПАнын мөөнөттүү төрагалыгы Кыргызстандан Түркияга өтүп, Түндүк Кипр Түрк Республикасы ТүркПАга байкоочу мүчө болуп кабыл алынды. Эскерте кетсек, ТүркПА мындан 15 жыл мурун негизделген.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар