Түркияда болгон зилзала жана түрк дүйнөсүнүн Түркияга жиберген жардамдары

Евразия күндеми-25

1947468
Түркияда болгон зилзала жана түрк дүйнөсүнүн Түркияга жиберген жардамдары
Türkmenistan Yardım 2.jpg
Özbekistan yardım malzemeleri.jpg
azerbaycan yardim.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркияда болгон зилзала жана түрк дүйнөсүнүн Түркияга жиберген жардамдары тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 6-февраль күнү Түркияда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен эки катуу жер титирөө катталды. Кырсыктын очогу өлкөнүн түштүгүндөгү Кахраманмараш аймагы болду. «Кылымдын апааты» деп аталган жер титирөөдөн Түркиянын 10 облусу зыян тартты. Катуу жер титирөө Сирия, Кипр, Грузия, Абхазия, Армения, Ирак жана Ливанда да сезилди. Жер титирөөдө 35 миңден ашуун адам каза болду. 105 миңден ашуун адам жаракат алды.

Түрк дүйнөсү жер титирөө болгон учурдан тартып бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп Түркияга жардамдарын жибере башташты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы Түркия менен бирге жети күндүк аза күтүү жарыялады. Түрк республикаларынын эл аралык уюмдары болгон Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ), ТҮРКСОЙдун, ТүркПАнын, Эл аралык Түрк мурасы фондунун жана Эл аралык Түрк академиясынын желектери жарымга түшүрүлдү.

Түрк республикаларынын президенттери президент Режеп Таййип Эрдоганга окуя болгон учурдан тартып байланышка чыгышты. Алар Түркияга эң биринчи кезекте зарыл боло турган нерселер боюнча макулдашышты. Андан соң түрк республикаларынын президенттери Түркиянын элчиликтерине барып, түрк элине көңүл айтышты. 11-февралда Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жер титирөө болгон аймакка барды.

Түрк республикаларынын президенттеринин көрсөтмөсү менен издөө-куткаруу топтору, дарыгерлер жана биринчи жардам материалдары Түркияга жөнөтүлө баштады.

Бир жуманын ичинде Азербайжандан 725, Өзбекстандан 171, Казакстандан 101, Кыргызстандан 182, Венгриядан 156, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан 200, Башкыртостандан 25 жана Түркмөнстандан 10 кишиден турган издөө-куткаруу тобу Түркияга жөнөтүлдү. Ошентип чет жерлерден келген эң көп куткаруучу Түрк республикаларынын куткаруучулары болду. Түрк республикаларынан келген куткаруучулар урандылардын астынан жүздөн ашык адамды тирүү алып чыгууга жетишишти.

Жиберилген бул бригадаларда врачтар, медицина кызматкерлери да бар. Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан жер титирөө болгон аймакта талаа ооруканаларын кура башташты. Азербайжан бийлиги жер титирөөдө жаракат алган эки миң кишини Азербайжанда дарылоого даяр экенин билдирди.

Түрк дүйнөсү Түркиянын 10 облусундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү кампаниясын баштады. Саха жумуриятынан Европанын ички аймактарына чейин Түрк республикаларынын бейөкмөт уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттөрү чогултулган жардамдарды Түркияга өз каражаттары же түрк бийлиги аркылуу жеткире башташты. Түрк дүйнөсүнүн булуң бурчунан Түркияга ондогон учак ​​жана жүздөгөн жүк ташуучу камаздар келди.

Түркияда жашаган Түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү уюшуп, жер титирөө болгон аймакка жөнөп кетишти. Алардын бир бөлүгү издөө-куткаруу отрядында иштесе, экинчи бөлүгү жарандарга азык-түлүк жана биринчи жардам көрсөтүүчү каражаттарды таратып жатышат.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Түрк дүйнөсү мындай окуяларда мурункуга караганда күчтүү, аң-сезимдүү, уюшкан жана активдүү позицияда. Түркия күчтүү мамлекет жана бул жер титирөөнүн кесепеттеринен кыска убакытта кутулат. Бул убакытта Түрк дүйнөсүнүн материалдык жана моралдык колдоосу Анадолуга күч-кубат берет.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар