Президент Эрдогандын Украинага жасаган иш сапары

Евразия күндеми-24

1776862
Президент Эрдогандын Украинага жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Украинага жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

 Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Украинанын Президенти Володимир Зеленскийдин чакыруусу менен Түркия-Украина Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин онунчу жыйынына катышуу үчүн Киевге барды. Президент Эрдоган расмий жолугушууларынан мурда Украинанын борбор шаары Киевде Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондордун жаркын элесине арналып курулган Белгисиз жоокердин эстелигин зыярат кылып, гүлчамбар койду.

Украинанын президенти Зеленский Түркиянын президенти Эрдоганды Маринский сарайында расмий азем менен тосуп алды. Расмий аземден кийин эки өлкөнүн лидерлеринин тет-а-тет форматындагы жолугушуусу болду. Болжол менен 3 саат 10 мүнөткө созулган тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин эки лидер делегациялары менен Түркия-Украина Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин онунчу жыйынын өткөрүштү.

Бул кеңештин жыйынында Түркия менен Украинанын учурдагы кызматташтыгы, саясат, экономика жана соода, коргонуу, маданият тармактарындагы иш-аракеттер талкууланды. Жыйындан кийин эки лидердин катышуусунда өкмөттөр аралык 8 келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимдердин арасында Түркия-Украина “Эркин соода келишими” да бар. Маалым болгондой эле, Украина менен Түркиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган.

Украинанын президенти Зеленский президент Эрдоган менен биргеликте өткөргөн басма сөз жыйынында “Эркин соода келишиминин” маанилүлүгүн баса белгилеп: «Келишимге кол коюлганга чейин өткөн жылы (жалпы соода көлөмүбүз) 7 миллиард долларга чыгып, жаңы рекорд койгон. Бул биздин 10 миллиард доллар деген максатыбыздын, арзуубуздун мүмкүн экенин көрсөтүп турат. ‘Эркин соода келишими’ бул максатка биз ойлогон убакыттан  эртерээк жетүүбүзгө шарт түзөт”, - деди.

Президент Эрдоган иш сапарынан кайтып келе жатканда, учакта журналисттерге берген маалыматында Украина менен дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөнүнүн 30 жылдык мааракесине туш келген иш сапары 8 келишим менен жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп: "Сүйлөшүүлөрү 11 жылдан бери уланып келе жаткан ‘Эркин соода келишими’ - абдан, абдан маанилүү жана маңыздуу ", -деди.

Президент Эрдогандын Украинага болгон иш сапарында Түркия өкмөтү менен Украина өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган дагы бир маанилүү келишим “Өнүккөн технологиялар, авиация жана космос жаатындагы кызматташтыктын алкактык келишими” болуп саналат. Бул келишимдин алкагында 2035-жылга чейин түрк инвестициясына корпоративдик салык, кошумча нарк салыгы жана бажы салыктары жагынан жеңилдиктер каралып, түрк компанияларынын Украинадагы алдыңкы технология, авиация жана космос тармагындагы инвестициясына өзгөчө колдоо көрсөтүлөт. Украинанын президенти Зеленский маалымат жыйынындагы өз сөзүндө, аты аталган келишим түрк учкучсуз учуучу аппараттарын (İHA) Украинада чыгаруyну кеңейте турганын баса белгиледи.

 Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Украинага иш сапары Орусия менен Украинанын ортосундагы курчуп бараткан чыңалууну басаңдатуу жана Кара деңизде тынчтыкты орнотуу жагынан да чоң мааниге ээ. Биргелешкен басма сөз жыйынында Эрдоган: «Түркия Кара деңизден коңшулаш болгон эки дос өлкөнүн ортосундагы кризисти токтотуу үчүн өз милдетин аткарууга даяр. Лидерлер деңгээлиндеги саммитти же техникалык деңгээлдеги жолугушууларды кубануу менен өткөрө аларыбызды бүгүнкү жолугушууларда дагы бир жолу баса белгиледим», - деди. Украинанын президенти Зеленский Түркиянын президенти Эрдоганга "Украина менен Орусиянын ортосунда согушту токтотуу жолунда ортомчу болуу демилгеси" үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган иш сапарынан кайтып келе жатканда журналисттерге  Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуусун Түркияда өткөрүү боюнча Украинанын президенти Володимир Зеленский менен бир пикирге келишкенин айтты.

Мындан тышкары президент Эрдоган Киевге болгон сапары учурунда Украинанын президенти Зеленский менен Крым татарларынын абалын талкуулап, аларга багытталган биргелешкен долбоорлорду карап чыкты. Эрдоган биргелешкен басма сөз жыйынындагы өз сөзүндө, Крым камтылган Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдоону улантышарын баса белгиледи. Сөзүбүздүн соңунда айта кетели, Крым татар элинин улуттук лидери жана Украинанын депутаты Мустафа Абдулжемил Кырымоглу президенттердин биргелешкен басма сөз жыйынына жана делегациялар катышкан кеңейтилген форматтагы жолугушууга катышты. Мындан тышкары Кырымоглун жана аны коштогон Крым татар делегациясын президент Эрдоган Борисполь аэропортунда кабыл алды.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар