Борбор Азияда Кытай менен Индиянын иш-аракеттери

Евразия күндеми-23

1773071
Борбор Азияда Кытай менен Индиянын иш-аракеттери

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү уктуруубузда Кытай Эл Республикасынын жана Индия Республикасынын Орто Азиядагы мамлекеттер менен өткөргөн онлайн саммиттери тууралуу кеп салабыз.

Январь айынын аягында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн маанилүү болгон эки саммит болуп өттү. 2022-жылдын 25-январында Борбор Азия-Кытай саммити онлайн режимде уюштурулду. Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган саммитке Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттери катышышты. Саммитте сөз сүйлөгөн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, өлкөсү жакынкы үч жылда Борбордук Азия өлкөлөрүнө 500 миллион доллар өлчөмүндө грант берээрин билдирди. Пекин 2030-жылга чейин аймактагы өлкөлөр менен соода жүгүртүү көлөмүн 70 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо. Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык алакасын бекемдей турган мега долбоорлору бар. Жаратылыш газы жана нефть өткөн жаңы түтүк линияларды, автотранспорттук жолдор менен темир жолдорду куруу Кытайдын эң маанилүү долбоорлорунан болуп саналат. Кытай ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 5 миң адиске билимин тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн берип, 50 миллион доза вакцина жөнөтө турганын жарыялады.

2022-жылдын 27-январында биринчи Борбор Азия-Индия саммити онлайн режимде болуп өттү. Саммитке Индиянын премьер-министри, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттери катышышты. Саммитте Борбордук Азия-Индия парламенттер аралык форумун өткөрүү жана Борбордук Азия-Индия саммитинин Башкы катчылыгын түзүү чечими кабыл алынды.

Саммитте коопсуздук, коргонуу, экономика, транспорт, билим берүү жана маданият тармагындагы маселелер талкууланды. Премьер-министр Нарендра Моди жыйында министрлер деңгээлиндеги соода жана экономика боюнча платформаны түзүүнү сунуштады. Бул нерсе Индиянын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен болгон мамилесинде экономикага басым жасагысы келгенин көрсөтүп турат.

Борбор Азия-Индия саммитинде Ооганстан боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Чындыгында Индия коопсуздук жана коргонуу тармагында Борбор Азия өлкөлөрү менен бекем кызматташып келе жатат. Ошондой эле Индия аймактагы өлкөлөрдөн уран сыяктуу кээ бир стратегиялык товарларды алууда.

Кытай да, Индия да Борбор Азиядагы мамлекеттер мүчө болгон Шанхай Кызматташтык Уюмунун туруктуу мүчөлөрү болуп эсептелет. Эки өлкөнүн аймактагы өлкөлөр менен мамилелери аталган уюм аркылуу да бекемделүүдө.

Кытайдын аймактагы өлкөлөрдө экономикалык жактан салмакка ээ экени маалым. Индия да глобалдык держава болуу максатынын негизинде Борбор Азияда маанилүү оюнчу болууну каалайт. 2021-жылдын декабрь айында Борбордук Азия-Индия тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өткөн. Индия аймакта демилге көтөрүү мүмкүнчүлүгүн Кытай же Пакистанга кармата бергиси келбейт. Кытай менен Пакистандын Борбор Азияны океан менен байланыштыра турган транспорттук долбоорлору бар. Индия дагы Иран менен бирге Түштүк-Түндүк коридорун өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. ТАПИ, “CASA-1000" долбоорлору Индияны аймактагы өлкөлөр менен жакындата турган чоң долбоорлор болуп саналат. Индия Орусия менен илгертен бери жакшы мамиледе.

Жыйынтыктап айтканда, Индия келечекте Борбор Азиядагы таасирдүү күч болуу үчүн Кытай менен атаандашышы мүмкүн. Азырынча статистикалык маалыматтар Кытайдын таасирдүүлүгүнөн кабар берет. Аймактагы өлкөлөр болсо Кытайдын да, Индиянын да инвестициясын туура пайдаланып, аймакты өнүктүрө турган чоң экономикалык долбоорлордун ишке ашуусун камсыздай алышат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар