Россия менен Батыш ортосунда жаралган кризис

Евразия күндеми-22

1769530
Россия менен Батыш ортосунда жаралган кризис

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Россия менен Батыш ортосунда жаралган кризис тууралуу сөз кылабыз.

Россия менен Батыш ортосунда уланып жаткан кризис 2022-жылдын негизги маселесине айлана тургандай. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында Женевада Россия-АКШ, 12-январда Брюсселде Россия-НАТО, 13-январда Венада Россия-ОБСЕ жыйындары өткөрүлдү. Бирок бул чогулуштардан жыйынтык чыккан жок. Кризис тереңдей баштагандыктан ар кыл сценарийлер айтыла баштады. Эми бул тема боюнча акыркы күндөрдө болуп өткөн окуяларга көз чаптыралы.

Россиянын Коргоо министрлиги үстүбүздөгү жылдын 14-январында армиянын даярдыгын текшерүү үчүн күтүлбөгөн аскердик машыгууларды өткөрө башташканын жарыялады. Россия жана Беларусия үстүбүздөгү жылдын 10-20-февраль күндөрү «Биримдиктин чечкиндүүлүгү-2022» аттуу аскердик машыгууларын өткөрөт. Мындан сырткары Беларусияга 12 Су-35 аскердик учагы, С-400 ракетадан коргонуу системаларынын эки батальону жана Панцир-С ракеталык системасынын жайгаштырылаары билдирилди.

Үстүбүздөгү жылдын 18-январында Англиянын Коргоо министри Бен Уоллес Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгуну Лондонго чакырганын жана бул иш сапарынын жакынкы апталарда болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 19-январында бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларын таанууга чакырган резолюциянын долбоорлорун Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын депутаттары Думага сунушташты.

АКШнын Президенти Жо Байден Россиянын «Украинага кирээрине ишенээрин» айтты, бирок «кичинекей баскынчылык» сценарийинде НАТОнун эмне кылаары боюнча уюмда консенсус жок экендиги оозунан чыгып кетти. Бул билдирүү НАТОнун мүчөлөрү арасында талаш жаратты.

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Европа өлкөлөрүндө иш сапары менен болду. Блинкен алгач Киевде сүйлөшүүлөр жүргүздү. Россиянын аскердик операциясы башталса АКШнын Украинага колдоо көрсөтөөрүн убада кылган Блинкен, Россиянын Украинага каалаган убакта кирип келиши ыктымал экендигин билдирди. Украинанын Коргоо министри Алексей Резников Би-би-синин «HardTalk» программасында Россиянын баскынчылыгы «бардык жерди канга боёйт», деди.

Антони Блинкен 21-январда Женевада Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Жолугушуу күтүлгөндөн кыска болду. Блинкен европалык кесиптештери менен жолугушууларын улантты.

АКШдан сырткары Канада жана Англия Украинага аскердик жардам жиберди. Чехия, Балтика өлкөлөрү Украинага аскердик жардам жөнөтө тургандыктарын жарыялашты.

 Президент Режеп Таййип Эрдоган Россия жана Украина менен жакшы мамиледе экендиктерин жана аты аталган эки мамлекет ортосунда арачы болууга даяр экендигин билдирди. Эрдоган: «Алдыда Украинага иш сапарым бар. Ал ортодо балким Путин менен телефондо же болбосо Москвага барып жолугуп сүйлөшүшүм мүмкүн. Аймакта тынчтык болушун каалайбыз,» -деди.

Окуялардан көрүнүп тургандай эле, тараптар бири-биринен кемчилигик таап, ар кыл иш-аракеттер жасоо аркылуу бири-бирин жеңүүгө аракет кылып жатышат. Ошондуктан Түркиянын арачы болуу аракети пайда алып келиши мүмкүн. Аймактагы өлкөлөр тынчтыкты сактап калуу үчүн конкреттүү кадамдар жасашы керек. Анткени окуялардын өнүгүшү Украина-Россия кризиси  чакан согушка чейин жетип калышы мүмкүн экендигин айгинелеп турат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар