2021-жылы Түркиянын Евразия аймагындагы мамлекеттер менен мамилеси кандай болду?

Евразия күндеми-20

1763405
2021-жылы Түркиянын Евразия аймагындагы мамлекеттер менен мамилеси кандай болду?

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында 2021-жылы Түркиянын Евразия чѳлкѳмүндѳгү мамлекеттер менен мамилесинин кандай болгондугу тууралуу кеп салабыз.

 2021-жыл пандемиялык абал уланган, кез-кез чек аралар жабылган, өлкөлөр өз экономикаларын оңдоого аракет кылган жыл болду. Дүйнөдөгү ушундай абалга карабастан Түркиянын Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен мамилеси дайымкыдай жандуу боюнча сакталды. Эки тараптуу иш сапарлар жасалды.

2021-жылдын 15-16-июнь күндөрүндө  Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Азербайжанда иш сапары менен болду. Анын шш сапарынын алкагында Шуша декларациясына кол коюлду. Түркиянын президенти Эрдогандын 26-октябрдагы Азербайжанга иш сапарында Эл аралык “Физули” аэропортунун салтанаттуу ачылышы болду. Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, министрлер жана Түркиядан ар кыл делегациялар 2021-жылы Азербайжанда иш сапары менен болушту.

2021-жылдын 29-сентябрында президент Эрдоган Сочи шаарында Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. 2021-жылы президент Эрдоган телефон аркылуу байма-бай байланышкан лидерлердин бири Путин болуп саналат.

2021-жылдын 27-28-ноябрь күндөрүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстанда иш сапары менен болду. Эки мамлекеттин ортосунда 8 келишимге кол коюлду. 28-ноябрда Эрдоган “Келечекке бирге” темасынын алкагында болуп өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 15-саммитине катышты. 2021-жылдын 4-март күнү президент Эрдогандын төрагалыгы астында “Ковид-19дан кийин аймактык экономикалык кызматташтык” темасы менен 14-Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммити видеоконференция форматында болгон эле.

2021-жылдын 27-июнь күнү Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай 6-Түркия-Өзбекстан өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанда иш сапары менен болду.

2021-жылдын 5-10-март күндөрүнүн аралыгында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орто Азиянын үч мамлекетинде, тагыраак айтканда Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда иш сапары менен болду.  Чавушоглу Самаркандда Түркиянын Башкы консулдугунун, Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ден-соолук жана COVID-19 Диагностикалык борборунун ачылыш аземине катышты.

2021-жылдын 28-июнь- 2-июль күндөрүнүн аралыгында Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстан менен Тажикстанда иш сапары менен болду.

2021-жылы Грузиянын, Украинанын жана Кыргызстандын лидерлери Түркияда иш сапары менен болушту. 2021-жылдын 1-июнь күнү  Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Түркияга алгачкы иш сапарын жасады. 2021-жылдын 10-апрелинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулга келди. 2021-жылдын 9-11-июнь күндөрүндө  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияда алгачкы иш сапары менен болду.

Президент Эрдоган 2021-жылдын 31-март күнү видеоконференция форматында өткөрүлгөн “Түркстан: Түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири” аттуу Түрк Кеңешинин бейрасмий саммитине катышты. 2021-жылдын 12-ноябрь күнү Түрк Кеӊешинин жаңы аталышы менен Түрк Мамлекеттери Уюмунун 8-саммити Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгында Стамбулда болуп өттү.

2021-жыл оор жыл болгонуна карабастан Түркиянын Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен кызматташтыгы стабилдүү түрдө улантылды. Эки тараптуу иш сапарлары жасалды жана пландалган саммиттер өткөрүлдү. Аймактагы мамлекеттердин ичинен Украина, Азербайжан, Түркмөнстан жана Кыргызстан Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алышты. Жыйынтыктай турган болсок, 2021-жылы Түркия Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен мамилесин бекемдеди.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар