2021-жылы Евразия аймагында кандай окуялар болду?

Евразия күндеми-52

1759047
2021-жылы Евразия аймагында кандай окуялар болду?
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIĞIN 30.YILDÖNÜMÜ TARİH MÜZESİ 2.jpg
Kazakistan Tokayev.jpg
Özbekistan-Kazakistan.jpg
Türk konseyi-Bayrak.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасынын бул чыгарылышында 2021-жылы Евразия чѳлкѳмүндѳ кандай окуялар болгону тууралуу кеп салабыз.

 2021-жылы COVİD-19 пандемиясына каршы күрөш уланып, мамлекеттер экономикаларын оңдоого аракет кылышты.

2021-жылы Евразия чөлкөмүндөгү көптөгөн мамлекеттерде шайлоолор болуп өттү. Мисалы, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда Президенттик шайлоо жана референдум, Казакстанда парламенттин төмөнкү канаты мажлиске жана жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына (маслихатка) шайлоо өткөрүлдү. 2021-жылдын 20-июнунда Арменияда, 17-19-сентябрда Орусияда, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. 2021-жылдын 2-октябрында Грузияда жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо болду. 2021-жылдын 24-октябрында Өзбекстанда Президенттик шайлоо болуп өттү.

Фергана өрөөнүндөгү чек ара чырлары 2021-жылы да уланды. 2021-жылдын апрель айынын акыркы күндөрүндө Кыргызстан-Тажикстан чек ара аймагында болгон чатак жана кагылышуулардан улам 30дан ашуун адам каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алды. Кыргызстан-Тажикстан чек ара аймагында тынчсызданууну жараткан нерселер  жыл бою байкалып турду.

Чөлкөмдө 2021-жылы болгон эң маанилүү окуя Ооганстанда Талибандын бийликти алышы болду. Орто Азия мамлекеттери жана аймактагы бардык мамлекеттер Ооганстандын келечеги жана аймактын коопсуздугу маселелерин ар кыл платформаларда талкуулай башташты. Аймактагы мамлекеттер Ооганстанга гуманитардык жардам жиберишти.

2021-жылы Азербайжан Карабахты кайрадан куруу иштерин ийгиликтүү жүргүздү. Армения  Азербайжан жана Түркия менен мамилесин нормалдаштыруу үчүн кадам таштай баштады. Мамилени нормалдаштыруу кадамдары алгач транспорт тармагында ташталды.

Орусия-Батыш тирешүүcү 2021-жылы да уланды. Украина жана Белоруссиядагы окуялар Орусия-Батыш тирешүүсүнүн натыйжасы десек болот.

2021-жылы Евразия Экономикалык Биримдиги, Шанхай Кызматташтык Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму сыяктуу аймактагы эл аралык уюмдардын пландалган жыйындары өткөрүлдү. 2021-жылдын 5-6-август күндөрүндө Түркмөнстандын “Аваза” туристтик аймагында Орто Азия мамлекеттеринин лидерлеринин 3-бейрасмий жыйыны болуп өттү.

2021-жылы түрк республикалары эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдашты. Бул боюнча ар кыл биргелешкен иш-чаралар уюштурулду. Түрк Кеңеши жазында бейрасмий, күзүндө расмий саммит өткөрдү. 2021-жылдын 31-март күнү “Түркстан: Түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири” аттуу Түрк Кеңешинин бейрасмий саммити видеоконференция форматында өткөрүлдү. Саммитте Казакстандын Түркстан шаары түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири деп жарыяланды. 2021-жылдын 12-ноябрь күнү Түрк Кеӊешинин 8-саммити Стамбулда болуп өттү. Саммиттин алкагында Түрк Кеӊешинин Фатих районунда жайгашкан жаӊы кеӊсесинин ачылыш аземи болду. Саммиттин соӊунда 121 пункттан турган “Стамбул декларациясына” кол коюлду. Саммитте лидерлер Түрк Кеӊешинин аталышын “Түрк Мамлекеттери Уюму” деп өзгөртүү боюнча чечим кабыл алышты. Саммитте уюмдун жол картасы катары колдонула турган “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040” документи жактырылды. Мындан сырткары 2021-жылдын 28-сентябрь күнү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПа) 10-пленардык жыйыны Казакстандын Түркстан шаарында болуп өттү. Кыскасын айтканда, 2021-жыл Евразия аймагындагы мамлекеттер үчүн маанилүү окуяларга бай жыл болду.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар