Президент Эрдогандын Түркмөнстанга иш сапары

Евразия күндеми-48

1742242
Президент Эрдогандын Түркмөнстанга иш сапары

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Түркмөнстанга жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстанда иш сапары менен болду. 27-ноябрь күнү президент Эрдоганды Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда салтанаттуу азем менен тосуп алды. Эки өлкөнүн президенттери бетме-бет жана делегация өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушуулардын аягында эки мамлекеттин ортосунда 8 келишимге кол коюлду. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, медиа, мал-чарбачылыгы, банк жана тышкы иштер тармактары боюнча кол коюлган келишимдер эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошот. Лидерлер мындан сырткары 9 пункттан турган биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Андан соӊ журналисттер үчүн басма сөз жыйыны болду. Жыйында лидерлер орток соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга чыгарууну максат кылышканын билдиришти. Эки мамлекеттин орток соода жүгүртүү көлөмү азыркы учурда 2 миллиард доллардын тегерегинде болуп саналат.

Түрк-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн президент Эрдоганга Түркмөнстандын мамлекеттик жогорку сыйлыгы ыйгарылды. Бул сыйлык 2017-жылы уюштурулган жана  Владимир Путинге да ыйгарылган.

Президент Эрдоган Түркмөнстанга акыркы жолу 2015-жылы барган эле. Түркия үчүн Түркмөнстан Борбордук Азия жана Түштүк Азияга ачылган эшик болуп саналат. Транспорт тармагындагы эки мамлекеттин дарамети толугу менен колдонулбай келет. Зенгезур коридору ачыла турган болсо эки мамлекет ортосундагы байланыш жолу кыйла кыскарат. “Чыгыш-батыш ортоӊку коридору”, “Лазурит коридору” сыяктуу эл аралык транспорт коридорлору Түркия менен Түркмөнстанды бири-бирине жакындаштырат.

Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаровду акыркы он күн ичинде эки жолу кабыл алды. Бул жолугушууларда транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтыктын маселелери талкууланганы билдирилди. Түркмөнстан менен Азербайжан Каспий деӊизиндеги “Достук” табигый газ аймагы маселесин сүйлөшүүлөр аркылуу чечкенге жетишкен болчу. Түркмөн табигый газы жакынкы келечекте Түркияга жана Батыш мамлекеттерине экспортолушу ыктымал. Пландалган Азербайжан-Түркия-Түркмөнстан үч тараптуу саммитинде кызматташтыкты жаӊы баскычка чыгара турган чечимдер кабыл алынышы толук мүмкүн.

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Ашкабад шаарында Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 15-саммити “Келечекке бирге” темасынын алкагында болуп өттү. Саммитке Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Түркмөнстандын лидерлери катышышты.

Саммитте президент Эрдоган уюмдун төрагалыгын Түркмөнстандын президенти Бердимухамедовго өткөрүп берди. Президент Эрдоган саммитте сүйлөгөн өз сөзүндө “TURKOVAC” вакцинасы -тиешелүү уруксат алынгандан кийин- бүтүндөй адамзаттын кызматына сунула турганын жарыялады. Мындан сырткары президент Эрдоган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү керектигин баса белгиледи жана уюмга мүчө мамлекеттерди Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырды.

Саммиттин аягында мамлекет башчылары тарабынан «Ашкабад декларациясы» кабыл алынды. Билим жана техника, айыл чарба жана экология, тарых, маданият, адабият жана искусство тармактарында уюмдун сыйлыктары тапшырылды. Саммиттин алкагында бизнес форум өткөрүлдү.

Жыйынтыктай турган болсок, президент Эрдогандын Түркмөнстанга сапары жемиштүү болду.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар