Түрк Мамлекеттери Уюмунун 8-саммити

Евразия күндеми-46

1735233
Түрк Мамлекеттери Уюмунун 8-саммити

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Стамбулда болуп өткөн Түрк Кеӊешинин жаңы аталышы менен Түрк Мамлекеттери Уюмунун 8-саммити тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрь күнү Түрк Кеӊешинин 8-саммити Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгында Стамбулда болуп өттү. Саммиттин алдында Азербайжандын, Казахстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркиянын жана Түркмөнстандын президенттери, Венгриянын өкмөт башчысы Түрк Кеӊешинин Фатих районунда жайгашкан жаӊы кеӊсесинин ачылыш аземине катышышты. Лидерлер андан соӊ Түрк Кеӊешинин 8-саммити өтө турган “Демократия жана эркиндик” аралына барышты.

“Санариптик доордо жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар” темасы менен уюштурулган саммитте мамлекет башчылары сөз сүйлөштү. Казахстандын туӊгуч президенти, Түрк Кеӊешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев саммитке видео кайрылуу жолдоду.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын сунушу менен Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевге Азербайжан Республикасынын территориялык бүтүндүгүн камсыз кылган тарыхый жеӊишке жетишкендиги жана түрк биримдигине, аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүктүн сакталышына кошкон салымы үчүн мамлекет башчыларынын кеңеши тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн жогорку сыйлыгы” тапшырылды.

 Саммитте лидерлер Түрк Кеӊешинин аталышын “Түрк Мамлекеттери Уюму” деп өздөртүү боюнча чечим кабыл алышты. Бул чечим Стамбулда кабыл алынган маанилүү чечимдердин бири болду десек жаӊылышпайбыз.

Саммитте уюмдун жол картасы катары колдонула турган “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы-2040” документи жактырылды. Түрк Мамлекеттери Уюмунун жасай турган иштери аты аталган документтин алкагында жүзөгө ашырылат. Мындан сырткары саммитте “Түрк инвестиция фондунун” уюштурулушу боюнча чечим кабыл алынды.

Саммиттин соӊунда 121 пункттан турган Стамбул декларациясына кол коюлду жана уюмдун төрагалыгы Түркияга өткөрүлүп берилди. 121 пункттан турган Стамбул декларациясы Түрк Мамлекетри Уюмунун башкы катчылыгынын жана уюмга мүчө мамлекеттердин ийгиликтүү иштеринин мазмуну десек жаӊылышпайбыз.

Маалыматтардан байкалып тургандай эле, Түрк Мамлекеттри Уюмунун 8-саммитинде түрк дүйнөсүнүн келечегине багыт бере турган чечимдер кабыл алынды.

Саммитте Түркмөнстан уюмга байкоочу мүчө катары кабыл алынды. Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчө болуу укугу бар экендигин кошумчалай кетели. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мындан ары уюмдун иш-чараларына катыша тургандыгы аябай маанилүү болуп саналат.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун 8-саммитинде уюмдун үчүнчү мамлекеттер менен кызматташуусунун усулдары так белгиленди. Мындан ары Түрк Мамлекеттери Уюму эл аралык аренада уюмга мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн иш-аракеттерин арттыра тургандыгын айта алабыз. Келечекте көптөгөн мамлекеттер Түрк Мамлекеттери Уюму менен жакындан кызматташууну көздөйт десек болот. Түрк Мамлекеттери Уюму менен Вышеград группасынын  мамлекет башчыларынын биргелешкен саммитин уюштуруу сунушу жогорудагы сөзүбүздү тастыктап турат. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Борбордук Азия-Түштүк Кавказ платформасын уюштуруу сунушу да маанилүү болуп саналат.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун жаӊылануу, күчтөнүү менен ишин улантуусу түрк республикаларын эл аралык аренада татыктуу даражага чыгарат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар