Президент Эрдоган Азербайжанда иш сапары менен болду

Евразия күндеми-44

1729574
Президент Эрдоган Азербайжанда иш сапары менен болду
Erdoğan Aliyev Azerbaycan.jpg
Erdoğan Aliyev Fuzuli Havalimanı.jpg
Erdoğan Aliyev.jpg
erdoğan aliyev.jpg

 “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрь күнү Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Азербайжанда бир күндүк иш сапары менен болду. Эл аралык “Физули” аэропортунда Эрдоганды Азербайжандын президенти Илхам Алиев өзү тосуп алды. Алиев жана Эрдоган 8 айда курулуп бүткөрүлгөн Эл аралык “Физули” аэропортунун салтанаттуу ачылышын жасашты. Аэропорт 12 түрк фирмасы тарабынан курулду. Аймактын алгачкы эл аралык аэропорту статусун алган “Физули” аэропорту ар кыл көлөмдөгү учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азербайжан кийинки жылы Зангилан жана Лачинде дагы эл аралык аэропортторду ачууну пландап жатат.

Андан соң эки өлкө лидерлери Ахмедбейли-Физули-Шуша автомобиль магистралынын курулушундагы иштин жүрүшү менен таанышышты. Горадиз-Жебраил-Зангилан-Агбенд автомобиль магистралынын курулушуна старт беришти. Горадиз-Жебраил-Зангилан-Агбенд автомобиль жолу Зенгезур коридорунун бир бөлүмүн түзө тургандыгы менен маанилүү болуп саналат. Автомобиль жолдорун куруу “Женгиз” жана “Калйон” фирмалары тарабынан жүзөгө ашырылып жатат.

Ошол эле күнү Эрдоган менен Алиев Зангилан районундагы “Достук” агропаркынын курулуш иштерин көрүштү. Андан соң Агалы айылындагы “Акылдуу айыл” долбоору менен таанышышты. Аты аталган долбоорлор аймактын өнүгүшү үчүн айыл чарба тармагында жүзөгө ашырылып жаткан пилоттук долборлор катары маанилүү болуп саналат.

Илхам Алиев жана Режеп Таййип Эрдоган Агалы айылындагы расмий тосуп алуу салтанатынан кийин “тет-а-тет” форматындагы жолугушуусун өткөрүштү. Андан соң журналисттер үчүн басма сөз жыйыны болду. Президент Эрдоган басма сөз жыйынында, Армения Азербайжан менен болгон маселелерин чын ыкласы менен чече турган болсо, Еревандын Түркия менен мамилелерин нормалдаштыруусунун алдында эч кандай тоскоолдук калбай тургандыгын билдирди.

Президент Эрдоган кайрадан Карабахта иш сапары менен болуу аркылуу аты аталган аймактын өнүгүшүнө жана Зенгезур коридорунун ачылышына чоң маани бере тургандыгын дагы бир жолу тастыктады. Аймактагы Түркиянын инвестициялары Анкара бийлигинин иш жүзүндө Азербайжандын жанында экендигинин далили болуп саналат.

Акыркы убакта Армениянын бийлиги тарабынан жасалган позитивдүү билдирүүлөр Зенгезур коридору ачылып, региондо экономикалык кызматташтыктын жандана тургандыгынан кабар берет. Экономикалык мамилелердин жандануусу, эл аралык транспорт коридорлоруна Армениянын кошулушу убакыттын өтүшү менен аймактагы мамлекеттер ортосундагы саясий, маданий мамилелердин нормалдашуусуна өбөлгө түзөт.

Премьер-министрлердин жетекчилигинде жүзөгө ашырылып жаткан үч тараптуу Азербайжан-Армения-Россия жыйындары Түштүк Кавказдагы маселелердин чечилиши үчүн маанилүү жоопкерчилик алып жатат. Россия батыш мамлекеттерин аралаштырбастан аймактын маселелерин чечүү керек экендигине ынана баштаган шекилдүү. Буга Минск группасынын иштери айкын мисал боло алат. Азербайжан, Армения жана Россия лидерлеринин ноябрь айынын башына пландалган жолугушуусу аймактын маселелерин чечкен жыйын болушу ыктымал. Азербайжан-Армения чек арасынын такталышы, аймактагы транспорт коридорлорунун ачылышы, Армениянын кошуналары менен мамилелерин нормалдаштыруусу, пландалган жолугушуунун негизги маселелери десек жаңылышпайбыз.

Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда Түркия жана Азербайжандын президенттери тарабынан кол коюлган “Шуша” декларациясы акырындап жүзөгө ашырылып жатат. “Шуша” декларациясынын позитивдүү руху ноябрь айында Стамбулда боло турган Түрк Кеңеши саммитине да өз таасирин тийгизет.

Жыйынтыктай турган болсок, президент Эрдогандын Карабахка жасаган иш сапары аймактын өнүгүшүнө, Азербайжан-Түркия кызматташтыгынын бекемделишине чоң салым кошту.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар