Борбордук Азия-Кытай мамилелери

Евразия күндеми-20

1642881
Борбордук Азия-Кытай мамилелери
Özbekistan Çin'den aşı getirdi.jpg
Türkiye Çin ihracat treni
çin.jpg

Урматтуу интернет колдонуучулар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Борбордук Азия мамлекеттеринин Кытай менен мамилелери тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү Кытайдын Сиань шаарында “Борбордук Азия-Кытай” форматында Тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Казахстан, Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышышты. Жыйында эки тараптуу мамилелер,  “Бир алкак – бир жол” долбоору, пандемияга каршы күрөш, Ооганстандагы абал, аймактын коопсуздугу темалары талкууланды. Жыйында Борбордук Азия-Кытай мамилелеринде артыкчылык бериле турган 12 тармак белгиленди. Жыйын алкагында эки тараптуу жолугушуулар болду.

Тышкы иштер министрлеринин жыйында COVİD-19 илдети менен биргелешип күрөшүү, альтернативалык медицина борборлорунун Борбордук Азия мамлекеттеринде көбөйтүлүшү, интернет аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүнү (telemedicine) өнүктүрүү боюнча кызматташуу чечими кабыл алынды. Белгилей кетчү жагдай, Өзбекстан Кытай менен биргелешип COVİD-19 илдетине каршы вакцина чыгарып жатат.

Жыйында Кытай бийлиги Борбордук Азия мамлекеттерине транспорт тармагында “жашыл коридор” уюштурууну сунуштады. Бажы жана салык көйгөйлөрүн жеңилдетүү үчүн бул сунуш маанилүү болуп саналат. Пандемия учурунда Кытайдын товарларынын Батышка жеткирилишинде Борбордук Азиядан өткөн темир жолу байланышы маанилүү роль ойноду. 2020-жылы Кытай-Борбордук Азия темир жолу аркылуу 2019-жылга салыштырмалуу 56 пайызга көп, тагыраак айтканда 517 миң контейнер жүк ташылды. Кытай Казахстан аркылуу өткөн темир жолу линиясын көбөйтүп, Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу жаңы темир жолу линиясын курууну көздөп жатат.

Жыйындын аягында Ооганстан, регионалдык кызматташтыктын тереңдетилиши жана пандемия менен биргелешип күрөшүү боюнча орток билдирүүлөр жарыяланды. Мындан сырткары “Борбордук Азия-Кытай” тышкы иштер министрлери жыйынынын форматын уюштуруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Урматтуу окурмандар, Түркстан мамлекеттери “Борбордук Азия-Кытай тышкы иштер министрлери жыйыны”  сыяктуу форматта Япония, Түштүк Корея, Европа Биримдиги, АКШ, Индия жана Россия менен жыйындарды өткөрүп келе жатат. Түркстан мамлекеттеринин биргелешип иш алып баруусу, өз ара мамилесин бекемдеши  жана аймактын орток пайдаларын ири мамлекеттер менен жеңил чечип алышы үчүн мындай формат пайдалуу болуп саналат.

Кытай Борбордук Азия мамлекеттери менен мамилесинде конкуренттеринен бир кадам алдыда болуу үчүн конкреттүү кадамдар таштаганды эп көргөнүн байкоого болот. Мисалы, Сиань шаарындагы жыйында мындан кийинки жыйындардын уюштурулушун жана кабыл алынган чечимдердин жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө үчүн Тышкы иштер министринин орун басарларынан комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Тышкы иштер министрликтеринде “Борбор Азия-Кытай” жыйындарынан жооптуу бюролор уюштурула турган болду. Илимпоздор жана адистерден турган атайын топторду уюштуруп, алар менен үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүү маселеси чечилди. Кыскасы, тараптар “Борбор Азия-Кытай” жыйындарынан максималдуу пайдаланууну көздөп жатышат.

Статистикалар Борбордук Азия мамлекеттеринин эң ири соода өнөктөшү жана эң чоң кредиторунун Кытай экендигин көргөзүүдө. Кытайдын аймактагы таасири бир гана экономика тармагы менен чектеле турганын айта албайбыз. Кытай Тажикстанда аскердик база ачкан. АКШ Ооганстандан жоокерлерин чыгарып кеткенден кийин Кытай аймактагы аскердик күчүн чыңдагысы келет десек жаңылышпайбыз. Конфуций институттары аркылуу аймактагы жумшак күчүн арттырган Кытай Борбордук Азиянын ар кыл тармагында эң ири өнөктөш болууну көздөп жатат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар