Түрк Кеңешинин бейформал саммити

Евразия күндеми-14

1617615
Түрк Кеңешинин бейформал саммити
Türk Konseyi Bayraklar.jpg
Türk Konseyi Türk Keneşi.jpg
Sadır Caparov-Türk Konseyi 1 .jpg
Sadır Caparov-Türk Konseyi 3 .jpg
Erdogan Türk Konseyi.jpeg
Mirziyoyev-Türk konseyi.jpg
Türk Konseyi sammit-1.jpg
Sadır Caparov-Türk Konseyi 2 .jpg

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында 31-март күнү болуп өткөн Түрк Кеңешинин бейформал саммити тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 31-март күнү Казахстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгында “Түркстан: Түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири” аттуу Түрк Кеңешинин бейрасмий саммити видеоконференция жолу аркылуу өткөрүлдү. Саммитке Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери, Түрк Кеңеши, Түрк Академиясы сыяктуу түрк дүйнөсүнүн эл аралык уюмдарынын жетекчилери, уюмдун ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев катышты.

Саммитте түрк дүйнөсүнүн келечегине байланыштуу маанилүү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды. Саммиттин аягында “Түркстан декларациясы” кабыл алынды. Биз азыр декларацияда чагылдырылган маанилүү чечимдерге токтолобуз:

Казахстандын Түркстан шаары, түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири деп жарыяланды. Бул нерсе түрк цивилизациясынын изилдениши жана таанытылышы, жаш муундун түрк аң-сезими менен жетилиши сыяктуу маселелерде маанилүү болуп саналат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түркияда күзүндө өткөрүлүшү пландалган 8-саммитте өзгөртүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилди. Ошентип аты аталган уюм чыныгы аталышына ээ болуп, мындан ары толук кандуу эл аралык уюм катары дагы таасирдүү иш алып барат деп ишенебиз.

“Түрк көз карашы-2040” документинин кийинки саммитте кол коюуга даярдалышы боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилди. “Түрк көз карашы-2040” документи түрк республикаларынын жана Түрк Кеңешинин келечектеги иш-чараларын тактаган аябай маанилүү документ болуп эсептелет. Түрк республикаларынын ортосундагы интеграциянын план-программа алкагында илгерилете тургандыгы кубанычтуу.

Саммитте Карабах маселесинин чечилишинен улам ыраазычылык билдирилди жана Армения-Азербайжан мамилелеринин оңолушун колдой турушкандыгы жарыя кылынды. 2020-жылдын 10-ноябрында түрк республикаларынын ортосундагы авто жолу аркылуу байланыш кайрадан калыбына келтирилди. Түрк республикалары мындан ары үчүнчү мамлекеттин чек арасынан өтпөй эле түз бири-бирине каттай алышат. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып Азербайжан менен Түркия ортосунда ID карта менен саякат башталды. Бул практиканы бардык түрк республикаларына жайуу зарыл.

Түрк дүйнөсүнүн адабият, искусство, илим-билим тармактарында ийгилик жараткандарга берүү үчүн Түрк Кеңешинин “Алишер Навои” атындагы эл аралык сыйлыгы түптөлдү. 2021-жылы Жусуп Баласагын, Низами Генжеви, Юнус Эмре, Алишер Навои, Жамбыл Жабаев, Алихан Бөкейхан жана Кусейин Карасаевдин мааракелери уюмга мүчө мамлекеттерде белгилениши боюнча чечим кабыл алынды.

Урматтуу окурмандар, видеоконференция аркылуу болуп өткөн саммитте лидерлер уюмдун астында орток инвестициялык фонд жана орток банк куруу керектигин баса белгилешти. Кийинки саммиттерде бул тармакта конкреттүү кадамдардын ташталышы толук ыктымал. Анткени бул тармактагы кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруунун мезгили келип жетти.

Түрк Кеңеши пандемия учурунда координациялык иш-аракеттерди ийгиликтүү жүргүзө алды. Дүйнөдө пандемия боюнча алгачкы саммитти уюштурду жана пандемиядан улам жаралган зыяндарды минимумга түшүрүү, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин солгундабай  уланышына, өз ара жардамдашуу иш-аракеттерине албан салым кошту. Бул ийгилик уюмдун мындан ары дагы жигердүү иш алып бара тургандыгынан кабар берет.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар