2020-жылы Түркиянын Евразия аймагындагы мамлекеттер менен мамилеси кандай болду?

Евразия күндеми-2

1563921
2020-жылы Түркиянын Евразия аймагындагы мамлекеттер менен мамилеси кандай болду?
putin ve erdogan.jpg
erdogan putin HD.jpg
Azerbaycan Cumhurbaşkanı İlham Aliyev Ulusa Sesleniş.jpg
aliyev tebrik.jpg
erdogan-zelenskiy.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында 2020-жылы Түркиянын Евразия чѳлкѳмүндѳгү мамлекеттер менен мамилесинин кандай болгондугу тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, 2020-жыл пандемиядан улам расмий иш сапарлар кийинкиге жылдырылган, чек аралар жабылган, экономикалык кыйынчылыктар жаралган жыл болду. Ошого карабастан Түркия Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен мамилесин жандуу кармаганга аракет кылды. Жылдын башында жана аягында эки тараптуу кээ бир иш сапарлар жасалды.

2020-жылдын 7-январында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин  “Түрк агымы” табигый газ линиясынын ачылыш салтанатына катышуу үчүн Стамбулга келди. Эки мамлекеттин ортосундагы диалог жыл бою уланды. Натыйжада Сирия, Ливия жана Азербайжандагы маселелердин чечилишине Түркия менен Россия салым кошушту. 

2020-жыл Түркия-Украина мамилелериндеги абдан жемиштүү жылдардан болду. Эки мамлекеттин лидерлери бири-бирине иш сапарларын жасашты. Жогорку деңгээлдеги иш сапарлары жыл бою уланды. Түркия жана Украинанын Тышкы иштер менен Коргоо министрлеринин катышуусу менен алгачкы жолу “2+2” форматындагы жыйын болуп өттү. Коргоонуудан экономикага ар кыл тармактарда маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган 2020-жылы эки жолу Азербайжанга иш сапары менен барды. Азербайжандын улуттук парламентинин төрайымы Сахибе Гафарова чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапарын Түркияга жасады. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп да ал сапарга сапар менен жооп кылды.

Толуу Карабахтын оккупациядан бошотулушу учурунда Түркия Азербайжанга ар тараптуу колдоо көрсөттү. Азербайжан менен стратегиялык деңгээлде болгон Түркиянын мамилеси 2020-жылы болуп көрбөгөндөй эң жогорку деңгээлге чыкты. Орток аскердик машыгуулар өткөрүлдү, ID карта менен кирип-чыгууларга мүмкүнчүлүк жаралды.

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 2020-жылдын 27-28-октябрь күндөрү Казахстан менен ϴзбекстанда иш сапары менен болду. Түркия Орто Азия мамлекеттери менен коргонуу тармагында кызматташтыкты жаңы бир баскычка чыгарууну көздөп жатат. Бул абал Түркиянын региондогу аброюн арттырып, союздаштары менен мамилесин өнүктүрүп, боордошторуна кол кабыш кылышына шарт түзө тургандыгы менен маанилүү болуп саналат.

Урматтуу окурмандар, 2020-жылы Түркия пандемияга каршы күрөштө Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин көпчүлүгүнө жардам берди. Түркия бул мамлекеттерге медициналык жабдыктар менен бирге ооруканалардын курулушу жана ремонту, тажрыйба алмашуу, азык-түлүк боюнча жардам көрсөттү. Түркия Евразиядагы мамлекеттердин пандемия убагындагы дарыгерлерге болгон муктаждыгын жоюу үчүн Түркияда иштеп же ординатурада окуп жаткан догдурлардын өз мамлекеттерине белгилүү убакытка барып, бейтаптарды дарылап келишине уруксат берди. Түркиянын демилгеси менен түрк дүйнөсүнөн келген саламаттыкты сактоо кызматкерлери Измирдин “Карантина” аралында пандемияга каршы чогуу күрөшүү маселесин талкуулашты.

Пандемия мезгилинде темир жолу байланышы алдыңкы орунга чыкты. Түркия 2020-жылы Кыргызстан, ϴзбекстан жана Кытайга алгачкы жолу темир жолу аркылуу жүк жиберди. Түркия транзиттик өлкө катары пандемия мезгилинде эл аралык байланыштын токтоп калбашы үчүн болгон аракетин жумшады.

Ыйык София музейинин кайрадан мечитке айландырылышы Евразия аймагында жашаган мусулмандарды кубанычка бөлөдү.

Жыйынтыктай турган болсок, 2020-жылы Түркия Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен мамилесин өнүктүрүүнү улантты. Аймактагы мамлекеттердин ичинен Азербайжан жана Украина менен мамилелер жаңы бир баскычка көтөрүлдү.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар