IV Ысык-Көл форуму

Евразия күндеми-52

1551493
IV Ысык-Көл форуму
ISIK GÖL FORUMU 2.jpg
ISIK GÖL FORUMU 3.jpg
ISIK GÖL FORUMU 4.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Бишкек шаарында болуп өткөн IV Ысык-Көл форуму тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрдагы туулган күнүнө карата Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында “Мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов” аталышындагы IV Ысык-Көл форумунун алгачкы бөлүмү болуп өттү. Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин эгедерлигинде өткөрүлгөн форум Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын видео кайрылуусунун уктурулушу менен башталды. Эрдоган бул видео кайрылуусунда Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстанды, кыргыздарды жана кыргыз маданиятын бүтүн дүйнөгө таанытканын баса белгиледи.

“Чыгыш менен батыштын ортосунда Анадолу маданият долбоорлору платформасы” жана “Эл аралык Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форуму коому” тарабынан биргеликте уюштурулган форумдун ачылышына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Кыргызстан жана Түркиянын Маданият министрлеринин орун басарлары, “Маариф” фондунун төрагасы, элчилер, эл өкүлдөрү, ректорлор, мэрлер, адабиятчылар, Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү, илим, искусство, саясат жана медиа өкүлдөрү катышышты. Форумда сөз алгандар белгилүү жазуучуну ар тараптуу баяндап беришти.

Жыйындын соңунда Ысык-Көл форумунун аталышын “Чыңгыз Айтматов Эл аралык Ысык-Көл форуму” деп өзгөртүү боюнча чечим кабыл алышты. Форумдун экинчи бөлүмү 2021-жылдын 9-10-июнь күндөрү Анкара шаарында өткөрүлөт.

Бишкекте болуп өткөн форумда Айтматовдун чыгармалары дүйнөдөгү өлкөлөр арасынан эң көп Түркияда басылып жана окулуп жаткандыгы билдирилди. Буга чейин жазуучунун чыгармалары Германияда көп окулчу экен. Айтматовдун чыгармаларын Түркияда жыйырмадан ашуун басма үйү басып чыгарган. Түркияда Айтматов жана анын чыгармалары боюнча кырктан ашуун диссертация даярдалган. Кастамону университетинде анын атын алган илимий изилдөө борбору иштеп жатат. Анкара жана Йозгат шаарларында жазуунун бюсту, Стамбул шаарында айкели тигилген. Түркиянын 7 шаарында (Анкара, Анталия, Элазыг, Эскишехир, Стамбул, Кайсери, Кожаэли) Айтматовдын атын алып жүргөн парктар бар. Түрк дүйнөсүнүн орток балуулугу болгон Айтматовго Түркиянын мындай сый-урмат көрсөткөнү маанилүү болуп саналат. 2021-жылы Анкарада боло турган Ысык-Көл форумунун эң жогорку деңгээлде өткөрүлө тургандыгына шек жок.

Чыңгыз Айтматовдун бүтүндөй адамзаттын орток балуулугу экендиги жыл өткөн сайын кайрадан тастыкталып жатат. Үстүбүздөгү жылдын 8-10 декабрында Москва жана Бишкек шаарларында “Чыңгыз Айтматов жана 21-кылымдын жаштары” аттуу чоң форум уюштурулду. 12-декабрда жазуучунун туулган күнү Кыргызстанда жана дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде белгиленди. Түркиянын көптөгөн шаарларында Айтматовду эскерүү программалары болду. Кыргызстанда 12-декабрь “Адабият күнү” катары белгиленип келет.

1986-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн 1-Ысык-Көл форуму тирешкен чыгыш менен батышты бири-бирине жакындаштырган эле. Ысык-Көл форумдары мындан ары да адамзаттын негизги маселелери боюнча пикирлер ачык айтылган, чечүү жолдору көрсөтүлгөн платформа болууну улантат деп ойлойбуз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар