Борбор Азия-АКШ «С5+1» Тышкы иштер министрлери жыйыны

Евразия күндеми-8

1363244
Борбор Азия-АКШ «С5+1» Тышкы иштер министрлери жыйыны

Ардактуу окурмандар! «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Борбор Азия-АКШ «С5+1» Тышкы иштер министрлери жыйыны жана АКШнын Борбор Азия саясаты тууралуу кеп кылабыз.

 2020-жылдын 3-февралында Ташкент шаарында «С5+1» форматындагы тышкы иштер министрлери жыйыны болуп ѳттү. 2015-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан бул жыйынга АКШ, Казаrстан, Кыргызстан, ϴзбекстан, Тажикстан жана Түркмѳнстан тышкы иштер министрлери катышышты. Жыйында АКШнын Борбор Азия мамлекеттери менен мамилелери, энергетика, аймактык коопсуздук, эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрѳшүү, чек ара коопсуздугу, Афганистан маселеси сыяктуу темалар талкууланды. Жыйындан соң ϴзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеону кабыл алды.

Майк Помпеонун КМШ ѳлкѳлѳрүнѳ жасаган иш сапарынан кийин АКШнын 2019-2025-жылдарын камтыган «Жаңы Борбор Азия стратегиясы» жарыяланды. Аталган стратегия боюнча, АКШ аймактагы мамлекеттердин эгемен, демократияны алдыңкы планга чыгарган ѳлкѳлѳр болушун каалайт. Коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты ѳнүктүрүү аталган стратегияда баса белгиленген темалардан болуп саналат. Ооганстан маселеси боюнча жаралган мойнундагы жүктү жеңилдетиш үчүн АКШ Борбор Азия мамлекеттерин аталган маселени чечүү ишине аралаштыргысы келип турат. Борбор Азиянын стратегиялык жайгашкан орду Вашингтон үчүн Кытай жана Россияны курчоодо маанилүү. Баарыбызга белгилүү болгондой эле, Россия менен Кытай АКШ үчүн негизги коркунуч болуп эсептелет.

АКШ НАТО аркылуу аймактагы мамлекеттер менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын ѳнүктүрүүдѳ. Вашингтондун аймакта жарандык коомду  ѳнүктүрүү далалаты бардык эле ѳлкѳлѳрдѳ ийгиликке жеткен жок. АКШ бийлиги буга карабастан демократияны ѳнүктүрүү, экология кѳйгѳйлѳрүн алдын алуу сыяктуу маселелер аркылуу аймактагы мамлекеттерге жардам берүүнү улантууда.

Акыркы жылдары АКШнын Казакстан жана ϴзбекстан менен жакын мамиле түзүүгө аракет кылганы байкалып жатат. Кантсе да бул эки ѳлкѳ аймактагы ири мамлекеттер болуп саналат. Түркмѳнстан башка мамлекеттер менен жакын мамиле түзгөнгө кызыкдар эмес. Кыргызстан менен Тажикстан коопсуздук боюнча Россиянын, экономикалык жактан Кытайдын таасиринде калгандыктан АКШ кааласа-каалабаса да Казахстан менен ϴзбекстанга ыктаганга мажбур. Ушундан улам Майк Помпео алгач Казахстанга барды жана Нур-Султан менен Ташкенттеги билдирүүлѳрүндѳ АКШ ишканаларынын бул өлкөлөрдөгү иштерине басым жасады. Мындан сырткары АКШ Кытайдын талуу жери болгон Шинжанга жакын аймакта болуу үчүн  Борбор Азия ѳлкѳлѳрү, ѳзгѳчѳ Казахстан менен кызматташып иш алып барышы зарыл болууда.

Шавкат Мирзиеевдин бийликке келиши менен бирге ѳлкѳдѳ болуп жаткан ѳзгѳрүүлѳрдөн пайдалануу үчүн АКШ акыркы убакта Ташкенттеги бийлик менен жакын мамиледе иш алып барууга аракет кылууда. Жакынкы күндѳрдѳ Помпео коронавирус менен күрѳшүү үчүн ϴзбекстанга жардам бере тургандыгын жарыялады. АКШнын ϴзбекстандагы элчиси Даниэл Розенблюм болсо АКШ тарабынан ϴзбекстанга каршы колдонулуп келген Жэксон-Вэник мыйзамынын күчүн жоготконун билдирди. АКШ ϴзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине эмес Дүйнѳлүк Соода Уюмуна кириши үчүн аракет кылып жатат. 

 АКШ бийлиги Ооганстан проблемасынын чечилиши, глобалдык саясаттагы Кытай жана Россия сымал атаандаштарын курчоо үчүн Борбордук Азия аймагында таасирдүү күчкө айланышы керек. Россия менен Кытайдын аймактагы орду -  АКШнын бул региондо таасирин арттырышын кыйындаткан башкы фактор. Мындан сырткары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчѳ болгон Индия менен Пакистан да соңку мезгилде аймактагы таасирин арттыруу үчүн аракет кыла башташты.

СССР кыйрагандан кийин Түркия  Түркстан аймагындагы боордош мамлекеттерге колдон келген жардамын берди. Азыркы учурда Түркиянын аймактагы мамлекеттер менен мамилеси эң жогорку деңгээлде. АКШ Борбор Азияда активдүү иш  алып баргысы келсе, Түркиянын колдоосун табууга муктаж.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар