Венесуэла менен түрк компаниясынын ортосундагы келишим

Борбор Каракаста Мирафлорес сарайында өткөрүлгөн кол коюу аземине Венесуэланын президенти Николас Мадуро да катышты.

2150503
Венесуэла менен түрк компаниясынын ортосундагы келишим
turkiye-venezuela anlasma.jpg
turkiye-venezuela anlasma.jpg

Венесуэла менен түрк фирмасынын ортосунда нефтехимия, газ жана тоо-кен тармагында түрдүү келишимдерге кол коюлду.

Борбор Каракаста Мирафлорес сарайында өткөрүлгөн кол коюу аземине Венесуэланын президенти Николас Мадуро да катышты.

Мадуро X платформасындагы бөлүшүүсүндө: «Түркия менен Венесуэланын ортосунда утушка ээ болгон өнөктөштүктү куруу жана эки элди мындан ары бириктирүү үчүн биргелешкен аракеттерди жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Бул мунай-химия, газ, алтын жана тоо-кен тармагында жаратылышты урматтаган өзгөчө келишимдер. Биз өндүрүмдүү экономиканы куруп жатабыз», - деди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган кабарда түрк фирмасынын өлкөнүн түштүгүндөгү Арагуа провинциясында келишимдин алкагында келишимдин алкагында алтын жана кен казуу иштерин жүргүзөрү белгиленген.



Тектеш кабарлар