Мейиз, өрүк жана инжирдин экспорттук кирешеси 1 миллиард доллардан ашты

Экспорт кирешеси, өткөн сезондун тийиштүү мезгилине салыштырганда 8 пайызга өстү.

2150065
Мейиз, өрүк жана инжирдин экспорттук кирешеси 1 миллиард доллардан ашты

Уруксуз мейиз, өрүк жана инжирде экспорттук киреше сезон аяктай электе эле 1 миллиард 7 миллион долларга жетти.

Эгей экспортчулар биримдигинин билдирүүсүнө караганда, Түркия өндүрүш жана экспортто дүйнө лидери болгон уруксуз мейиз, кургатылган өрүк жана кургатылган инжирде сезондун башынан 3-июнга чейинки аралыктагы экспорт кирешеси, өткөн сезондун тийиштүү мезгилине салыштырганда 8 пайызга өстү.

Билдирүүдө көз караштары орун алган Эгей кургатылган мөмө-жемиш жана азыктарын экспортоочулар биримдигинин төрагасы Мехмет Али Ышык, 9 айлык мезгилде уруксуз мейиздин орточо экспорт баасы 1 миң 692 доллардан 2 миң 248 долларга жогорулаганын айтты.

«Кургатылган инжирдин өткөн жылы тоннасы 4 миң 240 долларга экспорттолгондугун, бул сезондо 29 пайызга көбүрөөк кошумча нарк менен экспорттолгондугун белгилеген Ышык: «Кургатылган инжирибиздин экспорттук баасы тоннасына 5 миң 458 долларга көтөрүлдү. Өткөн жумада кургатылган инжирибиздин экспорттук баасы 6 миң 431 долларга көбөйдү» -деди.

Ышык кургатылган өрүктүн орточо экспорт баасы доллар менен алганда 13 пайызга өсүп, 6 миң 27 доллардан 6 миң 785 долларга жеткенин маалымдады.



Тектеш кабарлар