Февраль айында Түркиянын экспорту көбөйүп, импорту азайды

Түркиянын экспорту февраль айында өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 13,6 пайызга өстү.

2122059
Февраль айында Түркиянын экспорту көбөйүп, импорту азайды

Түркиянын экспорту февраль айында өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 13,6 пайызга өстү.

Түркиянын статистикалык мекемеси (ТУИК) февраль айынын тышкы соода маалыматтарын жарыялады.

Февраль айында экспорт өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 13,6 пайыз өсүп 21 миллиард 82 миллион долларга жетти.

Импорт 9,2 пайызга азайып, 27 миллиард 853 миллион доллар болду.

Тышкы соода дефицити өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 44,2 пайызга азайып 6 миллиард 771 миллион долларга жетти.

Эң көп экспорт Германияга жасалса, бул өлкөнүн артынан АКШ, Ирак жана Россия келди.



Тектеш кабарлар