Түркия ун экспорттоодо дүйнөлүк рекордго жетти

Эл аралык ун өнөр жайчылар  ассоциациясынын (IAOM) билдирүүсүнө караганда, 2015 - жылдан бери дүйнөнүн эң чоң ун экспорттоочусу болгон Түркия 2018 - жылы 3,5 миллион тонна менен экспортунун эң жогорку чегине жетти.

2099734
Түркия ун экспорттоодо дүйнөлүк рекордго жетти

Түркия 2023 - жылы 3 миллион 663 миң тонна ун экспорттоп дүйнөлүк ун экспорттоо рекордун жаңылады.

Эл аралык ун өнөр жайчылар  ассоциациясынын (IAOM) билдирүүсүнө караганда, 2015 - жылдан бери дүйнөнүн эң чоң ун экспорттоочусу болгон Түркия 2018 - жылы 3,5 миллион тонна менен экспортунун эң жогорку чегине жетти.

Сектор 2023 - жылы 3 миллион 663 миң тонна ун экспорттоо менен дүйнөлүк ун экспорттоо рекордун жаңылады.

Билдирүүдө  көз караштарына орун берилген Эл аралык ун өнөр жайчылар  ассоциациясынын Евразия башкаруучусу Эрен Гүнхан Улусой 2023 -  жылы рекордду жаңылагандарын жана 1,5 миллиард доллар киреше алгандарын айтты.

Январь айында  344 миң тонналык экспорт менен  өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 22 пайызга өскөнүн белгилеген Улусой  2023 - жылы 22 миллион тонна болгон буудай өндүрүшүнүн бул жылы 24 - 25 миллион тонна болушун күткөндөрүн айтты.

 



Тектеш кабарлар