БИ-БИ-СИ телеканалы Түркияга келген турист санынын өсүүсүнө көңүл бурду

Би-Би-Си телеканалынын Euromonitor International уюмунун 2023-жылы эң көп барылган 100 шаарын көрсөткөн отчетуна таянып берген кабарына  караганда, Түркия эпидемиядан кийин кайрадан чет элдик туристтердин сүймөнчүлүгүнө айланды.

2099534
БИ-БИ-СИ телеканалы Түркияга келген турист санынын өсүүсүнө көңүл бурду

Британиялык Би-Би-Си телеканалы «эң көп барылган 10 шаардын» катарына кирген Стамбул жана Анталья жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынан кийин чет элдик туристтер үчүн көп барган жерлер болгонун билдирди.

Би-Би-Си телеканалынын Euromonitor International уюмунун 2023-жылы эң көп барылган 100 шаарын көрсөткөн отчетуна таянып берген кабарына  караганда, Түркия эпидемиядан кийин кайрадан чет элдик туристтердин сүймөнчүлүгүнө айланды.

Эпидемиялык чектөөлөр жеңилдегенден кийин чет өлкөгө саякаттагандардын саны көбөйүп жатканы менен, 2023-жылы эң көп барылган эки шаар Стамбул жана Анталья болуп катталды.

Стамбул өткөн жылга салыштырмалуу келгендердин саны жагынан болжол менен 26 пайызга көбөйүп, Лондон менен Дубайды артка калтырды.

Анталья туристти калкынан 12 эсе көп кабыл алып, Париж менен Нью-Йоркту артта калтырды. Өткөн жылы 16,5 миллион туристти кабыл алган Антальяга эң көп келгендер немистер, орустар жана англистер болду.

Айрыкча Антальяга түз каттамдардын көбөйүшүнүнөн улам шаарга келгендердин саны жыл сайын көбөйүүдө. 2023-жылы шаарга келген туристтердин санында өткөн жылга салыштырмалуу 29 пайыздык өсүү болду.

Түркия боюнча ички жана эл аралык каттамдар да өткөн жылы 2022-жылга салыштырмалуу 16,3 пайызга өстү. Туристтер эң көп барган өлкөлөрдүн арасында орун алган Түркияга бул жылы дагы көбүрөөк туристтин келиши күтүлүүдө.

Түркияга келген туристтерди кызыктырган дагы бир тармак да тынымсыз өнүгүп жаткан ден-соолук туризми сектору. Айрыкча Анталия тиш ден-соолук туризми үчүн популярдуу туристтик жер катары көзгө урунат.



Тектеш кабарлар