Түркияда жумушсуздук азайды

Түркиянын статистика мекемеси, сентябрь айынын жумушчу күчү статистикасын жарыялады.

2062982
Түркияда жумушсуздук азайды

Түркияда жумушсуздук сентябрь айында өткөн айга салыштырмалуу 0,1 пунктка азайып 9,1 пайыз болду.

Түркиянын статистика мекемеси, сентябрь айынын жумушчу күчү статистикасын жарыялады.

Сентябрь айында жумушсуздук көрсөткүчү өткөн айга салыштырмалуу 0,1 пунктка төмөндөп 9,1 пайыз катары катталды.

Өлкөдө жумушсуздардын саны 46 миңге азайып, 3 миллион 168 миң адамды түздү.

Сентябрь айында жумуш менен камсыз болгондордун саны болсо 31 миллион 686 миңге жетти.

Жумуш күчүнө катышкандардын саны 34 миллион 854 миң, ишке орношуу көрсөткүчү да 48,3 пайызды түздү.



Тектеш кабарлар