Деңиз үлүлүнүн экспорту
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган Түркиядан жылдын 8 айында 1077 тонна деңиз үлүлү экспорттолгондугун айтты.
Түркиянын деңиз үлүлү экспорту 8 айда 11,6 миллион доллардан ашты.
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган Түркиядан жылдын 8 айында 1077 тонна деңиз үлүлү экспорттолгондугун айтты.
Аталган тышкы сатуудан 11 миллион 625 миң 609 долларлык киреше алынганын белгилеген Гүрдоган: «Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 951 тонна деңиз үлүлүнүн экспортунан 6 миллион 995 миң 918 доллар киреше түшкөн. Ушундайча Түркиянын 8 айлык деңиз үлүлү экспорту сан жагынан 13 пайызга, нарк жагынан да 66 пайызга өстү»,-деп айтты.
Бул мезгилде Түркиядан 7 өлкөгө деңиз үлүлдөрү сатылганын билдирген Гүрдоган: «Түштүк Корея Республикасы 5 миллион 563 миң 101 доллар менен эң көп деңиз үлүлү экспорттолгон өлкө болду. Түштүк Корея Республикасынан кийин 2 миллион 277 миң 369 доллар менен Кытай Эл Республикасы, 1 миллион 535 миң 4 доллар менен Жапония, 1 миллион 452 миң 435 доллар менен Тайвань, 7 миң 278 доллар менен Грузия жана 2 миң 650 доллар менен Азербайжан турат»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.