Түркиянын чай экспорту көбөйдү

Түркиядан 7 айда 109 өлкөгө, автономдуу жана эркин аймактарга чай сатылды.

2023874
Түркиянын чай экспорту көбөйдү

Түркиядан январь-июль айларында чай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга өсүп 17 миллион 182 миң 55 долларга жетти.

Түркиядан 7 айда 109 өлкөгө, автономдуу жана эркин аймактарга чай сатылды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 3 миң 576 тонна чай экспорттолсо, 17 миллион 182 миң 55 доллар киреше алынды.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде чай экспортунан 13 миллион 170 миң 966 доллар киреше түшкөн.

Ошентип, аймактан чай экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга өстү.

Бельгия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Улуу Британия эң көп экспорт кылган 3 өлкө болду.

Бул мезгилде Бельгияга 6 миллион 926 миң 4 доллар, АКШга 2 миллион 210 миң 244 доллар жана Улуу Британияга 1 миллион 930 миң 622 долларлык чай экспорттолду.

Бул мезгилде чай Сауд Арабия, Алжир, Конго, Словакия, Мексика, Италия, Бразилия, Польша, Габон, Жаңы Зеландия, Португалия, Ангола, Того жана Руандага да сатылган.

Сектор өкүлдөрү түрк чайына болгон кызыгуунун күн санап артып баратканына көңүл буруп, чай экспортунун жыл аягына чейин өсүүсүн уланта турганын белгилешти.



Тектеш кабарлар