Трабзонго келген туристтердин саны ылдам өсүүдө

Түркиянын ар тарабынан жана өзгөчө Перс булуңундагы өлкөлөрдөн шаарга келген туристтер өзгөчө Сүмела монастыры жана Узунгөл баш болгон тарыхый жана туристтик жерлерде убакыт өткөрүшөт.

2009979
Трабзонго келген туристтердин саны ылдам өсүүдө

Түркиянын маданият, тарых жана жаратылыш туризми боюнча көрүнүктүү шаарларынын бири болгон Трабзонго жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусу жыл сайын артууда.

Түркиянын ар тарабынан жана өзгөчө Перс булуңундагы өлкөлөрдөн шаарга келген туристтер өзгөчө Сүмела монастыры жана Узунгөл баш болгон тарыхый жана туристтик жерлерде убакыт өткөрүшөт.

Облустук маданият жана туризм директору Тамер Эрдоган Сауд Арабиядан баштап Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Оман, Иордания, Бахрейн, Ирак жана Израилден келген коноктордун Трабзонду тандаганын жана бул кызыгуу аймактагы башка өлкөлөргө да толкундай жайылганын белгиледи.

Өткөн жылдын алгачкы 6 айында Трабзон аэропортуна келген эл аралык жүргүнчүлөрдүн санынын көпчүлүгү чет элдиктер болгон 70 миң 445 болгонун билдирген Эрдоган, бул сандын 2023-жылдын ошол эле мезгилинде 77 пайыздык өсүү менен 125 миң 29га жеткенин белгиледи.

2022-жылдын биринчи жарымында Трабзонго келген чет элдик туристтердин санынын 95 миң 199, быйылкы жылдын 6 айында 205 миң 550 болгонун белгилеген Эрдоган, шаарга келген чет элдик туристтердин санында 115,9 пайыздык өсүү болгонуна көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар