Түркиядан 326 миллион 99 миң долларлык помидор экспорттолду

Өткөн жылдын январь-июнь айларында 287 миң 112 тонна помидор экспорттолгон.

2008495
Түркиядан  326  миллион 99 миң долларлык помидор экспорттолду

Түркиядан январь-июнь айларында помидор экспорту 326 миллион 99 миң долларды түздү.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар ассоциацияларынан алынган маалыматка караганда, өткөн жылы Түркиядан 54 өлкөгө жасалган  помидор экспортунан 377 миллион 418 миң доллар киреше алынды.

Өткөн жылдын январь-июнь айларында 287 миң 112 тонна помидор экспорттоодон  247 миллион 577 миң доллар киреше алынып, быйылкы жылдын ушул мезгилинде 48 өлкөгө 325 миң 241 тонна помидор экспорттолду жана 326 миллион 99 миң доллар киреше алынды.

Румыния помидор экспорттоочу алдыңкы өлкөлөрдүн бири болгон.

Түркия быйылкы жылдын биринчи жарымында Румынияга 60 миллион 783 миң долларлык помидор экспорттоду.

Румыниядан кийин 51 миллион 315 миң доллар менен Украина, 38 миллион 626 миң доллар менен Польша жана 35 миллион 314 миң доллар менен Германия келди.

Россия болсо жылдын биринчи жарымында 29 миллион 563 миң доллар менен экспорт тизмесинде 5- орунда турат.



Тектеш кабарлар