Түркиянын дан жана буурчак экспорту өстү

Стамбул дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктарын экспорттоочулар бирикмеси (İHBİR) апрель жана январь-апрель айларынын экспорт көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1984027
Түркиянын дан жана буурчак экспорту өстү

Түркиянын январь-апрель айларында дан секторунун жалпы экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,37 пайыз өсүп 3,8 миллиард долларга жетти.

Стамбул дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктарын экспорттоочулар бирикмеси (İHBİR) апрель жана январь-апрель айларынын экспорт көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык, İHBİRдин апрель айында экспорту 279 миллион долларды түздү.

Түркияда дан өнөр жайынын экспорту болсо апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 6,93 пайызга өсүп 867,8 миллион доллар болду.

Ошентип Түркиянын дан өнөр жайынын январь-апрель айларынын жалпы экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 7,37 пайызга өсүп 3,8 миллиард долларга жетти.

IHBIRдин январь-апрель экспорту болсо өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 15 пайыз өсүп 1 миллиард 211 миллион долларга жетти.

Апрель айында эгин өнөр жайы эң көп экспорттогон үч өлкөнүн катарына Ирак, Америка Кошмо Штаттары жана Сирия кирди.



Тектеш кабарлар