Түркиянын помидор экспорту

Түркиядан жылдын биринчи чейрегинде 203 миллион долларлык помидор экспорттолду.

1971854
Түркиянын помидор экспорту

Түркиядан жылдын биринчи чейрегинде 203 миллион долларлык помидор экспорттолду.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин  маалыматына караганда, өткөн жылы Түркиядан 54 өлкөгө жасалган помидор экспортунан 377 миллион 418 миң доллар киреше алынды.

Өткөн жылдын январь-март мезгилинде 145 миллион 887 миң доллар помидор экспорттогон Түркия, быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 45 өлкөгө помидор жөнөтүп, экспортун нарк жагынан 40 пайызга көбөйтүп, 203 миллион 834 миң доллар киреше тапты.

Польша помидор экспорттоочу эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири болгон.

Түркия быйылкы жылдын алгачкы үч айында Польшага 33 миллион 361 миң долларлык помидор экспортун ишке ашырды. Польшадан кийин 33 миллион 85 миң доллар менен Румыния, 28 миллион 285 миң доллар менен Германия келди. 



Тектеш кабарлар