ДСУ глобалдык өсүш болжолун жогорулатты

Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) апрель айындагы дүйнөлүк сооданын болжолу жана статистикасы боюнча баяндамасын жарыялады.

1970578
ДСУ глобалдык өсүш болжолун жогорулатты

Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) 2023-жылга карата дүйнөлүк товар соодасынын өсүү күтүүлөрүн 1 пайыздан 1,7 пайызга көтөрдү.

Дүйнөлүк Соода Уюму апрель айындагы дүйнөлүк сооданын болжолу жана статистикасы боюнча баяндамасын жарыялады.

Отчетто 2023-жылга карата дүйнөлүк товар соодасынын өсүү божомолу дүйнөлүк экономиканын жанданышын күтүү менен 1 пайыздан 1,7 пайызга көтөрүлгөнү маалымдалды.

Геосаясий тирешүүлөрдүн терс таасирлери, азык-түлүк рыногундагы сунуш көйгөйлөрү жана инфляциянын алдында пайыздык өсүүлөрдүн бул жылы дүйнөлүк соодада күтүлгөн өсүштү азайтышы мүмкүн экендиги белгиленген отчетто, «Украинадагы согуш, туруктуу жогорку инфляция, катуу акча-кредит саясаты жана каржы рынокторундагы белгисиздиктин таасири менен дүйнөлүк товар соодасынын көлөмү быйыл 1,7 пайызга  өсүшү күтүлүүдө»,делди.

ДСУнун башкы директору Нгози Оконджо-Ивеала отчетко берген баасында:«Дүйнөлүк соода 2023-жылы тышкы факторлордун басымы астында кала берет. Бул абал өкмөттөр үчүн сооданын үзгүлтүккө учурашына жол бербөөнү жана соодага тоскоолдуктарды коюудан качууну ого бетер маанилүү кылат»,-деп айтты.

ДСУнун башкы экономисти Ральф Осса болсо, өкмөттөр жана жөнгө салуучу органдар жакынкы айларда банк тутумундагы алсыздыктар сыяктуу башка каржылык тобокелдиктерден сак болушу керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар