Түркиядан 26 өлкөгө бал экспорттолду

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган маалымат берди.

1966260
Түркиядан 26 өлкөгө бал экспорттолду

Түркиядан январь-февраль айларында бал экспорту 6 миллион 485 миң 105 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиядан жылдын 2 айында 26 өлкөгө бал экспорттолгондугун айтты.

Январь-февраль мезгилинде бал экспортунун 2 миң 76 тоннага жеткенин белгилеген Гүрдоган, аталган экспорттон 6 миллион 485 миң 105 долларлык киреше түшкөнүн билдирди.

Гүрдоган бал эң көп экспорттолгон 3 өлкөнүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Израиль жана Германия экенине көңүл буруп: «Бал экспортубузда 1 миллион 881 миң 9 доллар менен АКШ биринчи орунду алды. АКШдан кийин 1 миллион 593 миң 938 доллар менен Израиль, 963 миң 153 доллар менен Германия ээледи. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Болгария, Сауд Арабия, Ирландия, Гонконг, Ливия, Австралия жана Кытай Эл Республикасына да бал экспорттолду»,- деди.



Тектеш кабарлар