Коргонуу өнөр жайында кызматташтык түзгөн өлкө саны 84кө жетти

Түркия 2022-жылы Бразилия жана Конго Демократиялык Республикасы менен «коргоо өнөр жайы кызматташтык келишимине» кол койгон.

1961664
Коргонуу өнөр жайында кызматташтык түзгөн өлкө саны 84кө жетти

Түркиянын коргоо өнөр жайында кызматташтык түзгөн өлкө саны 84кө жетти.

Түрк коргонуу өнөр жайы өткөн жылы көп сандаган фирма менен ADAS/Филиппин, DIMDEX/Катар, DSA/Малайзия, FIDAE/Чили, AAD/Түштүк Африка, MSPO/Польша, ADEX/Азербайжан, IndoDefence/Индонезия, IDEAS/Пакистан жарманкелерине «улуттук катышуу» менен катышты.

Өткөн жылы Румыния, Латвия, Бразилия, Бенин, Сенегал, Нигерия, Нигер, Уганда, Танзания, Азербайжан, Индонезия, Россия, Пакистан жана Португалия менен да «коргоо өнөр жайы кызматташтыгы жыйыны» өткөрүлдү.

Түркия 2022-жылы Бразилия жана Конго Демократиялык Республикасы менен «коргоо өнөр жайы кызматташтык келишимине» кол койгон.

Коргоо өнөр жайында кызматташтык келишими түзүлгөн өлкө саны 84кө жетип, Түркия араларында АКШ, Германия, Азербайжан, Бириккен Арап Эмираттары, Бангеладеш, Британия, Буркина-Фасо, Алжир, Жибути, Кытай, Филиппин, Финляндия, Габон, Түштүк Корея, Ирак, Израил, Камерун, Катар, Колумбия, Кувейт, Венгрия, Монголия, Египет, Нигерия, Норвегия, Польша, Руанда, Россия, Сирия, Чили, Тунис, Иордания жана Венесуэла сыяктуу өлкөлөр менен коргонуу өнөр жайы боюнча кызматташтык келишимине кол койду.

Бул келишимдер тараптардын коопсуздук уюмдар муктаж болгон бардык коргоо өнөр жайынын продукциясы жана кызматтарын түздөн-түз жеткирүү, иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, инвентаризациядагы системаларды жана платформаларды тейлөө, модернизациялоо, технологияны өткөрүп берүү сыяктуу маселелерди камтууда.



Тектеш кабарлар