Анталья туризмде 2023 - жылын ылдам баштады

Январь айында шаарга аба жолу менен келген чет элдик турист саны өткөн жылга салыштырмалуу 58 пайызга өсүп, турист саны  219 миң 647ге жетти.

1941130
Анталья туризмде 2023 -  жылын ылдам баштады

2023 -  жылдын алгачкы айында да  219 миң 647 чет элдик турист эс алуу жери катары Антальяны тандады.

Глобалдык Ковид  - 19 эпидемиясында Коопсуз туризм сертификаты программасы менен туристтерди кабыл алууну уланткан жана өткөн жылды 13,5 миллион чет элдик турист менен аяктаган Анталья 2023 – жылын ылдам баштады.

Облустук Маданият жана туризм директорлугунун маалыматына ылайык, январь айында шаарга аба жолу менен келген чет элдик турист саны өткөн жылга салыштырмалуу 58 пайызга өсүп, турист саны  219 миң 647ге жетти.

Эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде ар мезгилде болгондой эле Россия биринчи орунду алды. Январь  айында Россиядан Антальяга 71 миң 752 конок келди. Россиядан кийин 35 миң 214 турист менен Германия, 13 миң 512 турист менен Британия, 8 миң 86 турист менен Польша жана 7 миң 570 турист менен Израиль келди.

Биринчи ондо Казакстан, Украина, Нидерландия, Ирландия жана Бельгия орун алды.

 



Тектеш кабарлар