Даяр кийим өнөр жайында экспорттук рекорд
Түркиянын экспорту 2022-жылдын январь-декабрь айларында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,9 пайызга өсүп, 254,2 миллиард долларга жетти.
Түркиянын даяр кийим жана тигүү өнөр жайы 2022-жылы 21 миллиард 205 миллион долларлык экспорт менен бардык мезгилдердин эң жогорку жылдык экспортун ишке ашырды.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Түркиянын экспорту 2022-жылдын январь-декабрь айларында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,9 пайызга өсүп, 254,2 миллиард долларга жетти.
2022-жылдын январь-декабрында даяр кийим жана тигүү өнөр жайы мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,8 пайызга өсүү менен 21 миллиард 205 миллион долларлык экспортту ишке ашырды. Ошентип, сектор бардык убактагы эң жогорку жылдык экспортко жетти.
2022-жылдын январь-декабрында даяр кийим жана тигүү өнөр жайы Германияга 3,6 миллиард доллар, Испанияга 2,6 миллиард доллар жана Улуу Британияга 2 миллиард долларлык экспорт жасады.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.