Түркиянын айыл чарба секторунун рекорду

Түркиянын экспорту өткөн айда 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайызга өсүп 21 миллиард 854 миллион долларды түздү.

1915914
Түркиянын айыл чарба секторунун рекорду

Түркиянын айыл чарба сектору 3 миллиард 329 миллион доллар менен бардык мезгилдердин эң жогорку айлык экспортун ишке ашырды.

Түркиянын экспорту өткөн айда 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайызга өсүп 21 миллиард 854 миллион долларды түздү.

Түркиянын айыл чарба экспорту болсо ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,2 пайызга өсүп 3 миллиард 329 миллион долларга жетти. Ушундайча айыл чарба тармагы ноябрь айында айлык экспорт рекордун жаңылады.

Дан, буурчак, май уруктары жана азыктары 1 миллиард 78 миллион доллар, зайтун жана зайтун майы сектору да 64 миллион 258 миң доллар менен бардык мезгилдердин эң жогорку айлык экспортуна жетишти.

Айыл чарба экспортунда секторлорго эң көп суроо-талап Ирактан келди. Иракка 211 миллион 923 миң долларга дан, буурчак, май уруктары жана азыктары, 113 миллион 554 миң долларга эмерек кагазы жана токой продукциясы, 70 миллион 167 миң долларга аквакультура жана мал чарба продукциялары экспорттолду.

АКШга 33 миллион 507 миң долларга жашылча-жемиш, 11 миллион 951 миң долларга тамеки тармагы экспорттолду.

Түркиядан Орусияга жашылча-жемиштер 168 миллион 271 миң доллар, Италияга фундук жана азыктар 76 миллион 356 миң доллар, Германияга кургатылган жемиштер жана азыктар 21 миллион 533 миң доллар, Испанияга зайтун жана зайтун майы 19 миллион 427 миң доллар, Нидерландияга декоративдик өсүмдүк жана продукциялар 2 миллион 774 миң долларга экспорттолду.



Тектеш кабарлар