ТИКАдан Ливанга жардам

Көптөн бери экономикалык кризис менен күрөшүп жаткан өлкөдө Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) иштеп чыккан долбоорлору менен Ливан элине колдоо көрсөтүүдө.

1896445
ТИКАдан Ливанга жардам

Түркия кыйын күндөрдө Ливан элинин жанында.

Көптөн бери экономикалык кризис менен күрөшүп жаткан өлкөдө Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) иштеп чыккан долбоорлору менен Ливан элине колдоо көрсөтүүдө.

ТИКА Ливандын Жебел провинциясынын Шуф аймагында 3 башка колдоо долбоорунун ачылышын жасады.

Түркиянын Бейруттагы элчиси Али Барыш Улусой маселеге байланыштуу:«Ливандын Шуф аймагында ТИКАнын 3 жаңы долбоорунун ачылышына бардык. Айыл чарба тармагында мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүү боюнча күнөскана ачылгандан кийин катуу калдыктарды иштетүү жана кайра иштетүү боюнча жабдууларды колдоо жана ден-соолукту чыңдоо борборуна жабдууларды колдоо боюнча долбоорду расмий түрдө ачтык. Бул ТИКАнын Ливан элине көптөгөн тармакта берген колдоосун көрсөтүүдө»,-деди.

ТИКА ушул убакка чейин жалпы Ливан боюнча 170тен ашуун долбоорду ишке ашырды.



Тектеш кабарлар