Түркиянын анчоус экспорту

Түркиядан жылдын 8 айында 24 өлкөгө анчоус экспорттолду.

1884762
Түркиянын анчоус экспорту

Түркия анчоус экспортунан 8 айда 7,5 миллион долларлык киреше тапты.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиядан жылдын 8 айында 24 өлкөгө анчоус экспорттолгондугун айтты.

Анчоустун экспортунда Франциянын алдыңкы орунда экенин белгилеген Гүрдоган, Франциядан кийин Бельгия менен АКШнын турганын билдирди.

Гүрдоган январь-август мезгилинде 1343 тонна анчоус экспорттолгондугун белгилеп, бул экспорттон 7 миллион 495 миң 323 долларлык киреше түшкөнүн маалымдады. 

Экспорттогу өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүл бурган Гүрдоган, былтыркыдан айырмаланып Оман, Катар, Казакстан, Сирия жана Түштүк Корея Республикасына анчоус сатылганын айтты.



Тектеш кабарлар