Анголада күлгүн түстөгү ири алмаз табылды

Ангола мамлекетине таандык алмаз, өлкөнүн соода фирмасы Содиам өткөрө турган эл аралык тендер менен сатыкка чыгарылат.

1860118
Анголада күлгүн түстөгү ири алмаз табылды

Анголада 170 караттык күлгүн түстөгү ири алмаз табылды.

Австралияда жайгашкан Lucapa Diamond компаниясы Анголада чоң алмаз тапты.

Компаниянын билдирүүсүндө, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Луло шахтасында 170 караттык алмаз (The Lulo Rose) табылганы, мунун акыркы 300 жылда аныкталган күлгүн түстөгү эң ири алмаздардын бири экени баса белгиленди. 

Ангола мамлекетине таандык алмаз, өлкөнүн соода фирмасы Содиам өткөрө турган эл аралык тендер менен сатыкка чыгарылат.



Тектеш кабарлар