Соода министри бардык учурлардын эң жогорку айлык экспортуна жетишилгендигин айтты
Муш : "Энергетикада 8,1 миллиард долларлык үлүш менен бул ай да импортубузда маанилүү бир орунга ээ болду",- деди.
Соода министри Мехмет Муш июнь айында бардык учурлардын эң жогорку айлык экспорт көрсөткүчү болгонун билдирди.
Муш Эрзурумдан Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин ачылышында июнь айынын тышкы соода сандарын билдирди. Түркиянын экспортто 2021 - жылы жетишкен ийгиликти 2022 - жылынын биринчи алты айында да уланткнадыгын белгилеген Муш буларды айтты : "Артта калган июнь айында экспортубуз өткөн жылдын ушул эле айына караганда 18, 5 пайыздык өсүү менен 23, 4 миллиард доллар болду. Кубануу менен белгилегим келет бул көрсөткүч бардык учурлардын эң жогорку айлык экспорт көрсөткүчү. Ушундайча 2022 - жылдын биринчи алты айынын баарында эң жогорку айлык соода экспорттук баага жеттик. Жылдын биринчи алты айында өлкөбүз жалпы 126 миллиард доллар экспортту ишке ашырды".
Июнь айынын импортунун 31, 6 миллиард доллар болуп ишке ашкандыгын белгилеген Муш : "Энергетикада 8,1 миллиард долларлык үлүш менен бул ай да импортубузда маанилүү бир орунга ээ болду",- деди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.