Түркиядан АКШга экспорттун өсүшү

Түркиянын экспорту быйылкы жылдын 5 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,4 пайызга өсүп 102 миллиард 504 миллион доллар болду.

1842177
Түркиядан АКШга экспорттун өсүшү

Түркиянын АКШга экспорту жылдын биринчи 5 айында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 28,6 пайызга өсүп 6 миллиард 72 миллион 901 миң долларга жетти.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын экспорту быйылкы жылдын 5 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,4 пайызга өсүп 102 миллиард 504 миллион доллар болду.

Түркиядан АКШга экспорт 5 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 28,6 пайызга өсүп 6 миллиард 72 миллион 901 миң долларга жетти. АКШнын Түркиянын экспортундагы үлүшү болсо 6,52 пайызды түздү.

Түркиядан АКШга бул мезгилде эң көп химиялык заттар жана продукциялар экспорттолду. АКШга химиялык заттар жана продукциялардын экспорту 5 айда 55,2 пайызга өсүп 682,7 миллион долларга жетти.



Тектеш кабарлар